www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев республикалык олимпиаданын IV баскычына жолдомо алган окуучулар жана алардын мугалимдери менен жолугушту.
Калаа башчысы мындан ары Ош шаары байыркы тарыхы, инфраструктурасы, Сулайман-Тоосу, Ак-Буурасы менен гана сыймыктанбастан, билим деңгээли боюнча да алдыга чыгышы керектигин белгилеп, олимпиадага аттанып жаткан окуучуларга ийгилик каалады.
“Дүйнө жүзүндө билим берүү тармагында атаандаштык күчөп жаткан учурда, окуучулар заманбап технологияларды колдонуп, жаңы билим изденүүлөрүнүн үстүндө иштөөсү абдан маанилүү. Бул багытта билимдүү жаштардын өсүүсү үчүн мэрия тараптан сезилерлик колдоолор көрсөтүлөт”, — деди мэр жолугушууда.
Республикалык олимпиада 2026-жылдын 27-28-март күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Ош шаарынан жалпы 36 окуучу катышат. Быйылкы жылы Ош шаарынын атынан катышуучу окуучулардын даярдыгын мыкты деңгээлде уюштуруу максатында тиешелүү иштер алынып барылууда.