www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-мартта Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүштү.
Владимир Путин Ирандан Россиянын жарандарын эвакуациялоону уюштурууда көрсөткөн натыйжалуу көмөгү үчүн, ошондой эле Россиядан иран элине гуманитардык жардамды Азербайжандын аймагы аркылуу жеткирүүнү камсыз кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алышууда лидерлер согуш аракеттерин мүмкүн болушунча тез арада токтотуу жана курч жаңжалды саясий-дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги айрым актуалдуу маселелер талкууланды. Россия менен Азербайжандын ортосундагы кызматташууну стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптеринин негизинде ар тараптуу өнүктүрүүгө эки тарап тең даяр экенин тастыкташты.