www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качып кетерине 2 күн калганда Аскар Акаев Ички иштер министрин кызматынан кетирет, ордуна бюул жогорку кызматка Кыргызстанга тартип орнотуу үчүн Кеңешбек Дүйшөбаев келет. Акаевдин мындай катачылыгын Сооронбай Жээнбеков кайталайт. Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып Кеңешбек Дүйшөбаевди алып келип, эки күндөн кийин кызматын тапшырып кетет. Бардыгы төрт күн чоң кызматта турган Кеңешбек Дүйшөбаев минтет: «14-октябрда андагы президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуктум. Ал менден өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн, Коопсуздук кеңешин жетектеп бер деп суранды. Мен андан мөөнөтүңүз бүткөнчө отурасызбы?-деп сурадым. Ал ооба деп жооп берди. Кийин окуя башкача өңүттө уланып кетти. Бир жуманын ичинде Covid 19, коррупцияга, криминалга каршы күрөш, чек ара маселеси, укук коргоо органдарын реформалоо, ИИМ, Финпол, ЖАМК иштерин жакшыртуу боюнча аналитикалык маалыматтарды даярдадык. Бирок анын бирөө да каралган жок. Эч кандай чечим, бир да кыймыл жок. Анын ордуна жаңы бийлик кызмат ордуларын, каржы булактарын, стратегиялык объекттерди бөлүштүрүү менен гана алек. Бийликтин баардык бутактарында жоопкерчиликсиз кадамдар. Ушул нерсенин баары көңүлүмдү иренжитти. Ошондуктан Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан кеттим”.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости