www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин "кожоюну" Аскар Акаев Кыргызстанга келгенине жетине албай, анын акылына жаштар, окумуштуулар суусап тургансып, лекция окутмакчы болду. 

Ой айланайын Иманалиев, Акаевге ичиң эзилип, куса болуп акылына суусап калсаң, коюнуңа алып жатып ук...  Чачпагын көтөрсөң, элге артпай өзүң көтөрө бер. Эл "Акаевдин лекциясын уюштуруп бер" деп суранган жок. Элдин ичин иритпе..." 

Иманалиевге караганда студенттердин акылы бар экен Акаевдин акылын укпайбыз деп коюшту. Эми илимдер чөйрөсүнүн окумуштуулары, Акаевдин акылына муктаж болуп чыгабы, же студенттерден үлгү алып, эстерин жыябы? 

Мына Иманалиевдин министр болгонуна дээрлик 100 күн болду. Кыйраткан эч нерсеси жок. Популист, куру чечендин министр болгондон берки аракети Акаевдин лекциясын уюштуруу болгон окшойт. Сагызган сактыгынан эмес суктугунан өлөт демекчи, дал ушул кызматында туруп, көнгөн адаты кармап, кылтакка илинбесе болду...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости