www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«1-2-3 граммдык алтын тыйындарды чыгып, алар валюта алмаштыруучу жайларда сатылса, эл акчасын алтын менен сактап керектөөсүнө пайдалана баштамак», - деди бүгүн, 11-мартта NazarNews маалымат агенттигине активист Акан Иманов.
- Акан Эрикович, президент өткөндө «акчалуу жарандар акчаңарды алтын менен сактагыла. Акчанын куну кетет, алтындыкы көтөрүлөт» деди эле. Президенттин айтканында негиз барбы?
- Акчаны алтын менен сакташ керек деген сунуш менимче азырынча өтпөйт. Себиби, биринчиден баардык сатып алуу же сатуулар бизде доллар менен гана жүргүзүлөт. Ошондуктан андан баш тартуу азырынча мүмкүн эмес.
Мындан бир нече жыл мурда долларга көз карандылыкты жоюу үчүн сом менен сатуу, сатып алууну көздөп, атайын иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.
Эгер ошол иш жайлап калбаганда мүмкүн азыр каржы базарында мынчалык ажиотаж болмок эмес. Ошол эле маалда алтын куймалары дагы сатыка чыккан. Иш жакшы башталып бирок ара жолдо калды.
Ар бир өкмөт алмашкан сайын ар кыл саясат жүрүп жада калса ага чейинки жакшы жасалып калган иштер да бөлөк нукка кетип калган мисалдар көп. Бул жолу доллардын куну ушундай асмандап аткан маалда баары көнгөн валютасын гана издешет экен.
Алтын куймаларына мамлекеттик атайын саясат жүрүп, элибизге жалпак тил менен түшүндүрүлүп иш жүргүзүлсө туура болмок. Алтын слиткаларын керек болсо 1 граммдан дагы чыгышы керек.
Алтын өндүрүп атабызбы демек арзаныраак сатылсын да. Элге пайда түшкөндөй болсо акырындан акчасын алтын менен сактаганга көнүп алышмак. Ошон үчүн акчаны алтын менен сактоо саясатын системдик түрдө жүргүзүшүбүз керек.
- Эмне кылсак жалпы эл акчасын алтын менен сактоого өтүшү мүмкүн?
- Мамлекет 1-2-3 граммдык алтын тыйындарды чыгарса, алар валюта алмаштыруучу жайларда сатылса жана алынса эл акчасын алтын менен сактап жана күнүмдүк керектөөсүнө пайдалана баштамак. Ошондой эле 5-10-20 граммдык слиткаларга дагы суроо талап болмок. Соода сатыкты ушундай жол менен жүргүзсөк алтынды доллардай талашып сатып алышмак да.
Мисалы, Орусияга салынган санкциянын кесепети сомдун дагы алсырашына алып келди. Баарын иретке келтирилип, акчаны алтын менен сактоого өтүп алсак, Орусияга салынган санкциялардын кесепетин мынчалык тартпайт элек да. Демек, өлкө башчылары ушундай мисалдардан сабак алып туура саясат жүргүзүшү керек.
Булак: NazarNews.kg