www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы согуштун канча убакытка созулары Путинге көз каранды. Мындай пикирди Британиянын премьер-министри Борис Жонсон билдирди. Маалыматка ылайык, Жонсон Орусия-Украина согушундагы акыркы абалга байланыштуу Sky News телеканалы акрылуу билдирүү жасаган.
"Мариуполдо болгон окуялар Путиндин жарандык жүрүм-турумдун бардык нормаларын четке кагууга даяр экендигинен кабар берет. Бирок Украинадагы зордук-зомбулукту токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк бериши керек", - дейт Жонсон.
Премьер-министр - Путиндин аскердик операцияларына жана анын айланасындагыларга экономикалык санкция менен кысымды Улуу Британия күчөтүп жатканын баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg