www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент Садыр Жапаровдун соцтармактагы өлкөбүздүн жарандарынын пикирлерин аңдап, эсептешкени абдан жакшы жышаан», - деди бүгүн, 10-февралда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Акан Иманов.

- Президент Садыр Жапаровдун эл менен жакын болуу үчүн социалдык тармактарды пайдаланып жатканы кубантаарлык иш болду окшойт...

- Президент Садыр Жапаровдун соцтармактагы өлкөбүздүн жарандарынын пикирлерин аңдап, эсептешкени абдан жакшы жышаан. Буга чейинки ажолорубуздун көз-кулактары айланасындагылар эле да. Мындан улам коомдогу маанайды өз көзү менен көрүп, таразалап анан туура пикир чыгарат деген элде да жакшы ой пайда болору анык.

Негизи президент тагында отуруп алып, вазирлерине толугу менен ишенип, алардын айткандарын кыла бергени түк туура эмес. Алардын ою ар дайым эле туура боло бербей калышы мүмкүн. Ошон үчүн ажо эл ичинде жүрүп, элдин пикирине карап иш кылганы, элдин пикирин эске алганы чоң үмүт арттырат.

- Социалдык тармактарда өзүн мактатып баштагандардын аракети да эске алынып, мэрликке талапкер катары каралышы керекпи?

- Социалдык тармакта өзүн мактаткандар өзүнөн өзү эле чыпкаланып калат. Тролдор фабрикасын азыр элдин баары билет. Ар бир иште баланс болушу керек. Мисалы ошол эле кайсы бир кызматкерди дайындоодо анын иш тажрыйбасы, билими, аброю менен кошо ал жөнүндө элдин пикирин да эске алуу ашыкча болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости