www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Акбалык Жумалиева Кара-Суу шаарынын эли менен жолугушууда Кыргызстандын PISA рейтингинде татыктуу орунду ээлеши үчүн, билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун үстүндө иштей тургандыктарын айтты. 

Ал партиянын программасында мугалимдердин макамын жогорулатуу каралганын кошумчалады.

“Сапаттуу билим берүү жана маданиятты өнүктүрүү - биздин партиянын социалдык саясатынын башкы багыты”, - деди А.Жумалиева. 

Талапкер шайлоого элдин талабына ылайык Мыйзамдарды жазып, аны ишке ашыруу колунан келе тургандар баратышат деп баса белгиледи ал.

“Алтынбек Сулайманов биздин колубузда каражат да, бийлик да жок болгонуна карабай талапкерлердин катарына кошту. Командада жалаң билимдүү, артынан калбыр илээштирбеген таза адамдар топтолду”, - деди А.Жумалиева. 

Талапкер учурда билим берүү тармагы реформага муктаж экенин, аны ишке ашырууга “Бир Бол” партиясы колдон келишинче аракет кылаарын айтты.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 18- сентябрь, 2020-жыл.

Последние новости