www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын жараны жаш кыздын денеси салынган чемодан менен 5 саат бою коомдук автобуста жүргөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, шектүү Мелвин Мартин Кентукки штатынан Иллинойс штатына чейин автобус менен жеткен. Аны туугандары тосуп алып, үйүнө алып кетишкен.

Мартин бир нече күн бою 3 чемоданды ачкан эмес. Мындан улам ата-энеси шек санап баштаган. Анан да баштыкктан жагымсыз жыт тараганын сезишкен. Акыры Мартин китепканага кеткен кезде, үй-бүлөсү анын баштыктарын аңтарат, баштыкты ачканда адамдын жансыз денесинин бөлүктөрүн табышкан.

Ата-энеси полиция кызматкерлерине кабар берип, алар маркум Мартин менен Кентукки штатында чогуу жашаган 31 жаштагы кыз экенин аныкташкан.

"Текшерүүнүн натыйжада ал токмоктон көз жумганы жана дене болжол менен андан бир ай мурун бөлүктөргө бөлүнгөнүн. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда. Алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат" - деп билдирген жергиликтүү полция кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости