www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус жана беларус поп-ырчылары Александр Лукашенкону колдогон ыр жаздырып, видеоклип чыгарышты. бул туурасында “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Клипте тартылгандардын арасында орус эстрада ырчылары Филипп Киркоров, Николай Басков, Александр Буйнов, Анита Цой, Денис Майданов жана башкалар бар.

Видео күн мурун “Аура” беларус тобунун Ютуб-каналына жарыяланды. Беларус аткаруучуларынын арасында Александр Солодуха, Алёна Ланская, эже-сиңди Груздевалар жана Руслан Алехно болгон.

Ырда Лукашенконун аты аталган эмес, бирок кайырмасында анын шайлоо алдындагы “Сүйгөнүн бербейт” (кеп Беларус жөнүндө болуп жатат) деген сөзү камтылган.

Роликте комментарий жазуу көзөнөгү өчүрүлгөн.

Киркоров менен Буйновдун өкүлдөрү жума күнү “Ачык медиага” ырчылар Лукашенкону колдогон клип жаздырышпаганын айтышты. Буйновдун өкүлү ырчыга Басков, Крикоровдун катышуусунда “жакшы ыр жазуу” сунушу түшкөнүн, ал ырда беларус лидеринин цитатасы бар экенин билбегенин айтты. Филипп Киркоровдун маалымат катчысы “артист Лукашенкону колдогон ыр ырдабаганын” билдирди.

Клипке тартылган Николай Басков күн мурун Лукашенконун тарапташтары өткөргөн форумдун алкагында концерт койгон. Ал эми Крикоров шайлоо компаниясы учурунда Беларуска барып, эл алдында президентти колдой турганын айткан.

Шайлоого аз калганда Беларус шаарлардында орус ырчылары бекер концерт берери тууралуу кулактандыруулар чыккан. Соцтармактардын көптөгөн колдонуучулары аларды мындан баш тартууга үндөшкөн. Натыйжада Леонид Агутин, Кар-Мэн тобу, Стас Пьеха жана башкалар концерт койгон эмес.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган элдин демонстрациялары ошондон бери токтобой келатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости