www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” партиясы алгачкылардан болуп Парламенттик шайлоого аттанып жаткан партиялар менен жергиликтүү ишкерлер ортосундагы коомдук келишимге кол койду. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева билдирди.

“Бүгүн өзгөчө күн.  Келишимге ылайык, алдыда VII  чакырылыштагы депутаттар ишкерликтин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүсү керек. Мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири – жеке сектор менен ишкерликти өнүктүрүү. Коомчулук жаңы шайлана турган эл өкүлдөрүнөн экономиканын туруктуу өсүшүнө, социалдык өнүгүүгө алып бара турган идеяларды, реалдуу иш-аракеттерди күтөт”, - деди ал.

Маалыматка ылайык, экономиканын 29 жыл бою өнүкпөй токтоп калышы жана мамлекеттик кысымдардын күчөшү – ишкерлерди “көмүскөдө” иштөөгө же Кыргызстандан чет өлкөгө кетишине мажбур кылды. 

Мындан улам жергиликтүү ишкерлер партияларды болгон күч-аракеттерин өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, ишкерликти өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга үндөштү. Муну менен катар партияларды улуттук дүң кирешени көбөйтүү, 2023-жылы Кыргызстанды дүйнөдөгү 40 мыкты өлкөнүн катарына кошуу, акыйкат салык тутумун киргизүү, лицензия менен уруксат кагаздарынын санын кыскартуу жана башка милдеттенмелерди алууга чакырышты. 

Эске салсак, аталган келишимге “Бир Бол” саясий партиясы баштаган жалпы 11 партия жана 46 бизнес ассоциациялар кол коюшту.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 18- сентябрь, 2020-жыл.

Последние новости