www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы өлкөдө эмнелерди сураган уят? Билип алыңыз

Айрым өлкөлөр баалуу деп эсептеген нерселер башка өлкөдө уят нерсе катары кабыл алынышы мүмкүн. Бул тууралуу hthayat.haberturk.com даярдаган маалыматты кыргызчаладык, чет өлкөгө барганда өзүңүздү ыңгайсыз сезип калбоо үчүн билип койгонуңуз жакшы.

Франция: Акча тууралуу сүйлөп, суроо бербей эле коюңуз.

Украина: Гүл берүү жакшы нерсе, ошентсе да Украинада жүргөндө бере турган гүлүңүздүн саны 2  болбосун. Бирөө болсун, үчөө болсун, бирок эки гүл бергенди туура эмес деп эсептешет.

Индия: Карама-каршы жыныстагы адамга кол тийгизүү уят. Көпчүлүктүн арасында байкабай тийгизип алуудан качыңыз.

Япония: Чай пулга акча таштоону уят деп эсептешет.

Мексика: Жергиликтүү эл тамашалашканды абдан жакшы көрөт. Бирок, сиз тамашага салсаңыз, аны көтөрө беришпейт.

Норвегия: Адамдардан диний жайларга бараары тууралуу сурабаңыз. Ар кимдин дини өзүндө деп эсептешет.

Түркия: Көпчүлүк колдонгон “Оk, макул” ишараттарын бул жакта колдонбой эле коюңуз. Бул жактын жашоочулары аны көп жактыра беришпейт.

Англия: Канча акча табаарын суроо, аталган өлкө жарандары үчүн өтө айып нерсе.

Германия: Туулган күнүн так ошол күнү куттуктоо керек, убагынан эрте же кеч куттуктоо алар үчүн уят көрүнүш болуп саналат. Бардыгы так болушу керек.

Кения: Жаңы таанышкан адамга аты менен кайрылууга болбойт бул өлкөдө. Айым же мырза деп кайрылып баштаган туура.

Чили: Кол менен тамак жеген уят.

Сингапур: Коомдук транспортто бир нерсе жеп-ичүү өлкө жарандары үчүн уяттуу көрүнүш.

Америка: Японияга карама-каршы чай пул таштабаган абдан уят бул жакта.

Венгрия: Стакандарды кагыштырууда өтө этият болуңуз. Анткени кагыштырып жатканда үн чыкса, уят экен бул жакта.

Кытай: Бирөөгө белек алып жатканда саат же кол чатыр алууга таптакыр болбойт. Алардын таң калычтуу ишенимдерине ылайык бул буюмдарды белекке берүү уят болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости