www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле 386 000 000 долларга жаӊыланган Бишкек ТЭЦ 3 күндүк суукка чыдабай авариялык абалга түштү. Ал авария болбогондо ТЭЦке анчалык каражат кеткенин эл билбей деле калмак. Мурдагыдай күчтүү оппозиция жок, баары камакта. Бийликтин былыгын Кудай табият сыры менен ачып берип жатат. Андан мурда Бажы аркылуу дайым кирип жаткан контрабанда дагы Дача Су айылына кулаган учак кырсыгы менен белгилүү болгон. Бул эки маселе боюнча эч ким жазаланган жок. ТЭЦке байланыштуу кылмыш иши козголду бирок, катардагы кызматкерлер техникалык калпыстык үчүн айыпталып жатат. Каражаттар максаттуу жумшалбаганы жөнүндө кылмыш иши ачылган жок.
Экинчиси, мурда Оштогу бажыдан күнүнө 13 -13,5 миллион сом уурдалганы белгилүү болду. Аны дагы Сапар Исаков айтып алды. 
Ал, “мурда Ош бажысынан күнүнө 1,5-2 миллион сом чогулчу. Коррупциялык схемаларды жойгондон кийин күнүнө 15 000 000 сом чогулуп калды”,-деп айтып койду. Мурда дегени качан? Бакиев маалындабы? Жок, мурда дегени Атамбаевдин убагында!
Эми, бул коррупциялык кылмыштын үстүндө ким болгонун тактоо керек жана аны элдин ырыскысын жегени үчүн камап, жегенин кустуруш керек!

Акбалык Жумалиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости