www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэри Албек Ибраимов жергиликтүү депутаттардын “ТЭЦтеги авария маалында шаар башчы элге көрүнбөй койду” деген айыптоолоруна жооп кайтарды.

“Улам эле телевизорго чыккыдай мен диктор эмесмин”- деген мэр авария маалында 2162 кабат үйдө жылуулук жетишсиз болгонун, бул шаар тургундарынын 85% экенин айтты.

Анын белгилешинче, “түнкүсүн -26га чейин түшүп кетип жаткан аба үйдүн ичинде температураны тиешелүү деңгээлде кармап турууга мүмкүнчүлүк берген жок”:

- 208 жерде электр өчтү, 108и өз учурунда кайра жарык менен камсыз болду. Эски тамдарда зымдар күйүп кетти, 2-3 жолу Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлүп, Ош базарында өрт чыкты. Мунун баарында мэриянын кызматкерлери жүрүштү. Кайсы депутатка шаар тургундарынан жазуу түрүндө канча кайрылуу түшсө, ошонун баарын алып чыккыла. Жөн эле “саясат эмес” деп коюп саясатка айландырып, “эл айтты, эл деди” деген туура эмес. Ар бир фактка жооп берүүгө даярмын, - деп билдирди Ибраимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости