www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү блогер, Акбалык жумалиева,"Эгерде Атамбаев мамлекеттен чыгып кетсе (качса), кайсы мамлекет кабыл алышы мүмкүн? - (ОПРОС)", деген сурамжылоосун өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Акбалык Жумалиева: "Алгачкы качкын президент Аскар Акаевди Россия кучагына алды. Курманбек Бакиевди Белоруссия президенти алып чыгып кеткен. Эми, Алмазбек Атамбаевдин тагдыры дагы качкын президенттердикиндей болуп калышы ыктымал. Себеби, ал жөн турган Сооронбай Жээнбековдун жинине тийип, ар кайсыны сүйлөп койду. Абдан оор күнөө коюп, ТЭЦ маселесиндеги мүчүлүштүккө азыркы президентти түз күнөөлөдү. Мындан кийин экөөнүн ортосундагы ажырым чоңойуп, тирешүү ачык өңүткө өтө баштады. Сооронбай Жээнбеков ТЭЦти дыкат иликтете баштады. Кечээ, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкка байланыштуу дагы эки жооптуу аткаминер камакка алынды. Бул ирет камакка алынган "Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев менен Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун жетекчиси Темирлан Бримкуловго "ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган" деген кине тагылууда. Эми, алар күч келгенде Айбек Калиевди сүйрөй кетишет. Айбек Калиев куйругунан илине турган болсо, анда Сапар Исаковду кучактай жыгылат. ТЭЦтеги былыктын баары Сапар Исаковго келип бүтүшү мүмкүнбү? Албетте жок, Сапар Исаковдун башына кара булут айланса, анда ал "аташкасы" Атамбаевдин сырларын ачпай жаны жокпу? ТЭЦтеги көөнүн түбү - Атамбаевдин бетине шыбалышы мүмкүн. Ошондо Атамбаевде жалгыз арга калат. Кыргызстанды таштап качып чыгып кетүү.
Ошондо Атамбаевди кайсы мамлекет кабыл алат?
Россиябы? - Аларга эки качкынды калкалап отуруу көйгөй жаратат.
Белоруссиябы? - Бакиев жакын жолоттурбайт.
Казакстанбы? - Назарбаев менен көпүрөсүн өрттөп салган.
Түркиябы? - Эрдоган менен бет карашкыс болгон. Ал тургай, баягыда жүрөгү кармап конгондо, Атамбаевди өлкөсүнөн кууп чыгарган. Абиси менен дагы жүз карашкыс болгон.
Өзбекстан, Тажикстанга барбайт. Европа өлкөлөрү жана Америка жакын жолотпойт.
Кытайга качышы мүмкүнбү? - Кытай эң ыңгайлуу өлкө болчудай. Өзү дагы акыркы убакта Кытайга сапар алып, даярданып жүргөнсүйт...
Силер кандай ойлойсуңар достор?- деп жазат, блогер.
Булак: NazarNews.kg