www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш калемгерлердин арасында таскагы күч, чабыты ылдам акындардын бири Акбар Кубанычбеков жакында эле Чикаго шаарына барып, мекендештерине ыр окуп кайтты. Океандын ары жагындагы поэзия сүйүүчүлөрү жаш акынды кандай кабыл алышкандыгы тууралуу "Фабула" гезити   Абар Кубанычбеков менен  маек курду.

- Акбар акындын көзү менен караганда Чикаго шаары кандай экен?

-Абдан жакшы шаар экен. Эмнегедир Кыргызстандын бир жеринде жүргөндөй болдум. Дегеним, шаар чоң болгону менен ошол шаардын ичинде кичинекей Кыргызстан бар экен. Дал ошол жерде биздин мекендештер кыргыздын улуттук ашканасын, кафе-ресторандарын ачышыптыр. Күнбү-түнбү барсаң, ал жерден кыргыздарды, кыргыз азыктарын табат экенсиң. АКШнын башка штаттарын айланып келип, Чикагого келгенде Бишкек шаарына келгендей болдум.

-Чикагодо кече уюштуруу идеясы өзүңө таандыкпы? Кимдердин көмөгү менен ишке ашырдың?

-Негизи океандын ары жагына барып ыр окуу кыялымда бар болчу. Ошол кыялды ишке ашыруу үчүн жакын тааныштарым, туугандарым жардамчы болушту. Кошмо штаттын ичинен Чикагодо кыргыздар көп дешкенинен ушул жакта кече өткөрүүнү пландадык.

-Кеченин жүрүшү тууралуу айтсаң?

-Кече үч бөлүктөн турду. Алгачкы бөлүгүндө поэзия окулса, экинчи бөлүгүндө комуздун коштоосунда ырларымды аткардым. Ал эми үчүнчү бөлүк суроо жоопторго арналды. Чикагодогу "Кыргыз маданияты" борборуна терен, ыраазычылыгымды билдирем. Аталган борбор Кыргызстандын кичинекей үлгүсүн Америкага алып келиптир. Борбордо кыргыздын маданиятын, адабиятын, көөнөрбөс каада-салттарын унуткарбай жаш муундарга үйрөтүп турушат экен.

Кыргызга белгилүү ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев агабыз да аталган борбордо жаштарга комуз үйрөтөт экен. Аталган борбордун жетекчиси Улан аттуу мырза өзүнүн жардамчылары менен элди топтоого, кеченин жогорку деңгээлде өтүшүнө өзгөчө салымын кошту. Кеченин өзгөчөлүктөрүнүн бири абдан узакка созулуусунда болду.

Мен ыр окуп, ырдап, баарлашып эле кайтам го деп ойлогом. Бирок кеченин ортосунда көрүүчүлөр менен тыгыз байланышып, шашпай чайлашып, кенен - кесири баарлашып, тыныгуулардан кийин кайрадан ыр окуп жаттым. Ошентип кече 5 саатка жа-кын созулду.

-Чикагодо жашаган мекендештерибиз ырга суусап калышса керек? Кандай кабыл алышты?

-Абдан жакшы кабыл алышты. Поэзияга, кыргыз ырларыа суусап калышыптыр. Кече 16-июнда өттү. Бирок ал күнү катыша албай калган мекендештер 17-июнда дагы атайьш Чикагодогу "Бай" аттуу кыргыз ресторанына чакырып, чай үстүндө ыр окуп берүүмдү суранышты. Ошентип кече 2 күнгө созулду.

-Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнде ыр окуу дагы планында барбы?

-Ушул жылдын март айында Германия мамлекетинин Дюссельдорф шаарына барып, Ноорузга карата концерт коюп келгенбиз. Кудай буюрса, июль айында Азербайжан мамлекетинин Баку шаарына барып кыргыз акындары ыр окуганы жатабыз. Ал жакта кыргыз жаш калемгерлеринин антологиясынын бет ачары болот. Саякат менен жан дүйнөнүн ырахатын айкалыштырып, дүйнө кыдырып ыр окууга эмне жетсин.

Американын коюну аябай кенен экен. Аны биздин Чүй облусуна окшоштурдум. Өлкөбүздүн кайсы гана аймагынан адамдар келбесин баарын батыра берет эмеспи, ошол сыяктуу Америка дагы дүйнөнүн кайсы бурчунан бакыт издегендер келбесин жылмаюу менен тосуп алат экен.

 Булак: Нуркыз Рыскул кызы, Фабула

Последние новости