www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Шибегени капка ката албайсың” дейт. Анын сыңарындай, үгүт иши расмий башталгыча эле айрым партиялар добуш сатып алууга киришкендери калппы? 2 миңден 5 миң сомго чейин сунуш кылып атышканы айтылууда. Көпчүлүк катмардын да көзү ачыла баштаптыр. “Акчаларын алып туруп, өзүбүз каалаган партияларга добуштарыбызды беребиз” деген сөздөр басымдуу болууда. Ылайым эле ошондой болсун! Ара жолду тандабагыла! Негизи партиялардын программасына, тизмедеги адамдардын тазалыгына, тажрыйбасына, мекенчилдигине карап, тандоо жүрүшү шарт. Ошондо биз келечегибизди уурдатпайбыз. Көпөстөрдүн убактылуу кызыкчылыгына, көз таңмай оюндарына алданбашыбыз зарыл. 30 жылдан бери баягы эле чиновниктер, бай-манаптар элдин ырыскысын жешип, аларга жаш “чөөлөр” да аралашып, улам шайлоодо “сүт эмизип” кетишет. Азыр болсо заман башка, татыктууларды иргеп алууга мезгил келди!

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости