www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин шайлоосуна кетип жатканын жарыялап, өзүн-өзү мактоо менен Фейсбуктагы баракчасына пост жасыптыр. Мындайда көчүгүң менен да күлгүң келбейт эй... Бул айым котормочулуктан башка иш билбегени, анан калса мамлекеттик кызматта бир күн дагы иштебей туруп, вице-премьер-министрликке секиргени таңгалычтуу болгон.

Аталган орунга келгени көзгө сүртөр иш кылбаганы, тескерисинче, коронавирусту жугузуу курчуп, элибиз оорунун азабын тартып, өлүм арбыды. Өкмөттүн жөндөмсүздүгү, караңгыдан жол таба албаганы каңырыкты түтөттү.

Аныгында, Аида Исмаилова ишенимди актай албай, ээлеген кызматын кыйратпастан кепке кемип, шайлоого карай шапар тээп жөнөдү. Ушунчалык дагы жоопкерчиликсиз болобу? Же эксперимент жүргүзүү, үйрөнүү үчүн вице-премьерликке келди беле? Мунун кесепети канчалаган адамдарга тийди? Өнүккөн өлкөлөрдө мындай туруксуз, кызматты оюнчук катары көргөн “жеңил мүнөздөрдү” карьералык секирик жасатпайт. Не дейбиз? Кайран гана кор болгон мамлекет! 

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости