www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл реформасы айга жеттиби же “пайга” кеттиби?

Советтик он беш республиканын бири катары  Кыргыз ССРи айыл чарбасына басым жасаган, чийки заттарды бере турган республика эле. Ошондуктан, ошол кездеги кээ бир жаштардын оюнда: “Бизди СССР мамлекети соруп жатат пахтабызды, жүнүбүздү, этибизди ит бекер алат, эгер биз буларды өзүбүздөн даярдасак, мисалы жүн, пахтаны арзан Орусияга жөнөтпөй кийим тигип сатсак байымакпыз” деген ойлор чыга баштаган. Турмуш эми көрсөттү байыганды. Орусиянын президенти Владимир Путин СССР бөлүнгөндө туура эмес бөлүнгөн, кимдин аймагында эмне болсо, ошол бойдон калган, андай эмес, ким эмне курса ошону алыш керек эле дегендей жыландын тилин көрсөтүп койду.

СССР бөлүнөр алдында Литва, Латвия, Эстониядан соң Орусия, анан Казакстан алдыңкы орундарда экен.Азыр прибалттар кетишип КМШ боюнча Казакстан биринчи турат. Литва, Латвия, Эстония, Арменияда айыл чарба реформасы ошол мезгилдерде 90-чу жылдары эле башталган. Андан кийин 1994-жылы Бекболот Талгарбековдун айдактоосу менен Кыргызстан айыл чарба реформасын жасайт. Грузияда түстүү революция жасалып бийлик башына Михаил Саакашвили келген соң 2004-жылдары ушул жолго түшкөн. Бул өлкөлөрдө жер жана агрардык реформалар жүрүп, чакан жана орто чарбалар түзүлүп, айыл элине жер жана мүлктөр менчикке өтүп, аларга чарба жүргүзүү жана соода эркиндиги берилген. Өзбекстан да ушул жолго түшүп баратат.

Эми башка Орусия, Украина, Беларуссия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Молдова, Азербайжан республикалары айыл чарбасын реформалоонун башка жолуна түшүшкөн. Буларда колхоз-совхоздор калып акционерлешкен. Акционерлер аларды физикалык менен кошо юридикалык жактарга сатуу мүмкүнчүлүгүн алышкан. Ушундай эле жагдайда айыл чарбасын фермерлештирүү башталган.

Фермерчилик кандай бул кыргыздарга туура келет беле? Мисалы,  реформатор Талгарбековдун айткан далилине караганда АКШнын Айова штатында фермердин менчик жери 440 гектар экен, андан тышкары ижарага 360 гектар жер алышып, үч баласы аялы бешөө 800 гектар жерге жүгөрү, соя өстүрүп 800 торпок семиртип сатышат экен. Бизде кандай эле? Базар-Коргон районундагы Ленин колхозунда 4300 гектар жер, 1200 колхозчу бар экен. Үй-бүлөсү менен 20-30 киши ушул жерди алсын, калгандар каякка барат эле деп Талгарбеков күйүп кетип жатат. Чындыгы ал кезде фермерлештирүү Кыргызстанга да жетип, колунда бар бай адамдар жерлерди, колхоз-совхоздорду бүтүндөй сатып ала баштаган. Азыр айыл чарба реформасын жасагандарга асылып жаткан адамдар СССРдин убагындагы колхоз-совхоздорду, ошол жашоону элестетишип ушундай жашоодон айдап салышты дешип Талгарбековго окшогон реформаторлордон көрүп жатышат. Турмуш өзү башка нукка түшүп калган, бир –эки бай келип колхоз-совхоздорду сатып алышары бышык эле. Ошонун барын реформа жасаган адамдардан көрө бериш туура эмес.

Орусиянын жери кенен чалкып жатат, бул жерде Чубайстын демилгеси менен ваучерлерге жерлер сатылып, акционерлешкен. Кээ бир байлар ваучер топтоп миңдеген гектар жерге ээ болушкан. Ушундай ыкманы колдонобуз дешип Маммүлк фонду тарабынан 1992 – 1993-жылдары айыл чарбасында реформалар болгон. Совхоздордун бардыгы 187 болсо тең жарымы сатылып кеткен. Жерди ким сатып алат эле, баягы эле колунда акчасы бар байлар да. Экс- спикер Медеткан Шеримкулов 500 гектар жер алган, Данияр Үсөнов, Юсуп Дунларов деген күркүлдөр бүтүндөй совхоздорду менчиктештирип алган. Андай акчалуу адамдарга совхоз кеппи? Ушундай оор кырдаалдарда элдин таламын талашкан Талгарбековго окшогон реформаторлор Чубайстын Чубактын чуусундай бул максатын токтотуп Маммүлк фондунан жерди бөлүштүрүүнү алган. Талгарбековго окшогон кыргыз деп күйгөн жигиттердин демилгеси менен байлардын тилеги таш каап, реформа жүргүзүү укугу айыл чарба министрлигине өткөн. Ошондон кийин гана 1994 – жылы жер реформасы башталып, байлардын жерди фермерлештирүү саясаты токтоп, жер, колхоз мүлктөрү,техникалар  айылдыктарга бирдей талапта бекер берилип, дыйкан чарбалар түзүлгөн.

Талгарбековдун реформаларын тушүнгөндөр да болду түшүнбөгөндөр да болду. Айыл реформасынын оң жактары да болду, терс жактары да бар. Эми реформанын "айга учурган” оң жактарынан баштайлы:

1.СССР тараган,Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздору 6,5 млрд рубль дотациясы жок калган. Салыштырмалуу азыр колхоз-совхоздорго жарым триллион сом дотация берип туруш керек эле. Мындай акча кайдан табылмак?

 2.Жерлер каралбай, айдалбай, кээ бир жерлер эрозияга учурап бараткан. Жер, колхоз мүлктөрү,техникалар  айылдыктарга бирдей талапта бекер берилген. Менчикке тийген жерлерин көздүн карегиндей карап калышкан.

3. Баягыдай агылган бекер бензин жок. Бензиндин башы асмандады, колхоз-совхоздор банкрот боло баштаган. Миллиондору барлар колхоз-совхоздорду дүңунөн сатып ала баштаган.

4.Кыргыз ССРинин убагында 65 миң адам айыл чарбасында башкаруу, текшерүү органдарында иштесе,азыр 5 миң адам гана иштейт.

5.СССР убагына салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшү 70 пайыз төмөндөсө, айыл чарбасы 1,5 эсе өскөн.

6.СССР убагында жогорку окуу жайларында акысыз билим берилген. Учурда контракт менен акча төлөп окутулат. Эки жүздөй жогорку жана орто окуу жайлары дыйкандардын эсебинен иштешет. Дыйкандардын эсебинен шаарларда турак –жай сатып алынып,курулуш тармагы өнүгүүдө. Дыйкандардын продукциясын шаардыктар сатып алышып, кээ бирлер кайра иштетип жанын багууда. Ушундай негизде соңку жылдары айыл эли шаарга 15 млрд.сом инвестиция салды.

7. Колхоз-совхоздордо алынган продукциялардын төрттөн бир бөлүгү ирип-чирип кетер эле. Дыйкандарга бардыгы өз менчигине сатылган соң менчигине кароо мамиле кылып калышты. Ирип-чирип кеткен азык-түлүк жок.

8. Ушул реформа мамлекет жагынан корголуп аягына чыкса дурус болмок. Бирок мамлекет дыйкандарды коргоого жарамсыз экени билинип, дыйкандар мамлекеттен бир тыйын да алышпай өз кара жандарын багышып, суукка тоңуп, ысыкка күйүп, жыгылып-туруп келатышат.

Айыл чарба реформасынын терс жактары:

1.Кээ бир адамдар өзүнө бөлүнгөн жер, колхоз мүлктөрү, техникаларды сатышкан. Колунда жоктор айласыздан сатып жиберишти да. Бирок мамлекет бекер бербей ач көз бизнесмендер сатып алса эмне болмок.

2.Бир койду  2-3 бөтөлкө “пайга” сатып жиберишкен деген сындар бар. Реформа жүрүп жаткан 1994-жылдары малдын баасы түшүп калган.

(Уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости