www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 44 партия катышарын билдирсе, 24-августтун кечине карата Борбордук шайлоо комиссиясына 17 партия документтерин тапшырышты. Азырынча 16 партия десе да болот, анткени “Кыргызстан” партиясынын документтерди тапшыруу убактысы боюнча талаш чыккандыктан ал териштирилип, тескелүүдө. Июлдан бери партиялардын арасында биригүүлөр, кошулуулар жана ажырашуулар болду. Алтынчы чакырылыштагы парламенттин көпчүлүк мүчөлөрү күткөндөгүдөй эле партияларын алмаштырышты. КСДПда күркүлдөрдөрдөн эч ким калбай, башка партияларга өтүп кетишти. Ал да обьективдүү көрүнүштөрдөн, эч кимдин аутсайдарге айланып бараткан саясый топтордо калгысы келбейт. Ким болбосун аракетинин, каражатынын кайтарылышын каалайт. Алардын баары шайлоого катышкысы келген талапкерлердин өз иши, биз ал жөнүндө эмес, бул шайлоонун мурдагы шайлоолордон өзгөчөлүгү, талапкерлер үчүн түзүлгөн шарттарга көңүлүңүздөрдү бургубуз келет.
Мурдагы шайлоолордо бийликтин партиялары алдын ала эле белгилүү болуп, саясый системада ачыктан ачык эле үстөмдүк кылып, ар кандай формаларда түз жана кыйыр түрдө даңазаланып келсе, бул шайлоодо божомолдор айтылган менен, алардын коомдо, шайлоо алдындагы кампанияларда артыкчылыктуу абалды ээлегенге аракет кылгандары таптакыр байкалбайт. Азыр Өкмөт, БШК, жер-жердеги мамлекеттик жана муниципиалдык органдар шайлоо алдында бардык партияларга бирдей карап, алардын үгүт, жарнамалык иштерин жүргүзүүсүнө бирдей шарттарды түзүүдө. Эң негизгиси, алардын иш-аракеттери тийиштүү укук-ченемдик актылардын чектеринен чыкпаса болду. Мыйзамдык талаптарды бузган партияларга, жарандарга катаал чаралар көрүлөт. Мурда үгүт, жарнамалык иштерди жүргүзүүдө мыйзамдык нормаларды бузгандарга көрүлчү чаралар жеңил желпи болсо, азыр алар катаалдаштырылган. Айып пулдар көбөйтүлгөн, андай партияларга шайлоодон четтетүүгө чейинки чаралар көрүлөт. Мындай калыстык, теңдик калыптанган соң шайлоого катышып жаткан партиялар тийиштүү укук-ченемдик актылардын талаптарын бекем сактоого, добуштарды мыйзамсыз жолдор менен көбөйтүүгө эмес, өздөрүнүн программалары, идеологиялары жана ынандыруу ыкмалары аркылуу шайлоочуларды өздөрүнө тартууга аракеттенүүлөрү керек. Пандемиядан улам мурдагыдай стадиондордо, кеңирсиген залдарда эл менен жолугушууларды, спорттук иш чараларды өткөрүп, концерттерди тартуулаганга тыюу салынгандан кийин партияларга дебаттарга, ЖМКлар аркылуу үгүттөргө, жарнамаларга негизги басым жасоо негизги орунга чыгууда.
Биометрикалык паспорт киргизилип, урналарга автоматтык эсептөөчү жабдуулар орнотулгандан кийин бюллетендерди пачкалап таштап, добуш берүүнүн жүрүшүн, жыйынтыктарын бурмалоолорго биротоло чек коюлду. Президент С. Жээнбеков айткандай, “шайлануучуларга да, шайлоочуларга да таза, ачык айкын шайлоо өткөрүүгө шарт түзүлдү. Шайлоочу өзү тандоо кылып, өзү тандаган партиясына добушун берип, аны сактап калууга толук шарт түзүлдү. Бардык участкаларда “Бир адам - бир добуш” принциби бекем сакталат. Анткени, бюллетендер автоматтык түрдө эсептелсе, кимге канчадан добуштар берилгени байкоочулардын, журналисттердин жана шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда чыгарылат. Бир сөз менен айтканда, саясый партиялар үчүн шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын бекем сактап, өздөрүнүн саясый маданияттарын, эл жана мамлекет алдындагы жоопкерчиликтерин көрсөтүү гана калды. Калганын шайлоочулар тандашат. Шайлоодо уткандар менен кошо утулгандар да болот, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мында утулгандардан өзгөчө сяасый маданиятты, жоопкерчиликти көрсөтүү талап кылынат.
Булак: “Майдан. kg”