www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Акча адамды бузат",- ушу сөздун чындыгы бар экенин өз көзүм менен көрдүм десем болот. Аны силерге да айтып бергим келет. Биздин класста бир бала бар эле. Анын атын Аңдар деп эле атап коеюн. Ал мектепте анчалык жакшы окуган деле эмес. Бирок, кийин жолдуу болду. Машине айдап келип сатып, бапыратып акча кармап, классташтарды тааныбай, теңсинбей да калды. Төрт бөлмөлүү квартара алып, «Джип» машинесин минип, бир байдын кызына үйлөндү. Ошентип аны менен эч ким катташпай, унутулуп да калган.

Бирок, жакында аны жолуктурдум. Муздаткычын тез-тез эле бузула бергендиктен, аны оңдоого үйгө мастер чакыргам. Башына келка кийген карапайым жигит аспаптары салынган чабаданын көтөрүп кирип келгенде, анын Аңдар экенин араң тааныдым.

Учурашыл, ал-жай сурашып отуруп калдык. Мен ага «сени абдан «крутой» болуп кетти деп эле угуп калчубуз» деп сөз чекесин акырын чыгарган болдум.

-Ой, айтканыңда калет жок. Акча бапырап, аябай көөп кеткенимди жашыра албайм. Силерди, классташтарды да далай ирет тааныгым келбей машинемдин чаңына калтырганым үчүн азыр уялып кетем, - деп ал аябай кызарып кетти.

- Ал акчанын баарын бактылуу болуш үчүн төлөп бергем... Мен анын бул сөзүнө анчалык деле түшүнбөй туруп калдым. Аңдар менин муздаткычымды оңдоп жатып сүйлөй берди.

- Үйлөнгөнүмдү уккан чыгаарсыңар. Ал дагы бай үй-бүлөнүн кызы болчу. Экөөбүздүн бактыбыз тоодой, байлыгыбыз андан да көп болду. Бирок, бир нече жыл жашасак да балалуу боло албадык. Барбаган доктурубуз калган жок. Алар бүткөн соң, табыптарга бара баштадык. Бир жолу ушул эле шаардык бир орус кемпирге туш болдук. Ал бизди карап туруп эле:

«Ой, ушунча бийикте жашабай эле жерге түшсөңөр болбойт беле. А сен мобу түрүң менен балээни төрөйсүңбү, арыктыгын карасаң» -деп аялыма асыла баштады.

Биз ал кемпирдин үйүнөн кеткенче шаштык. Анда кемпир:

«Мен ошентип тийишип айтам, бирок менин силерге берер кеңешим бар. Силер бул квартираңарды таштап, айылга көчүп барып жашагыла. Уй, кой, тоок кармап, нанды өзүңөр жасап жегиле. Жер иштеткиле. Адам бактылуу болуш үчүн анчалык деле байлыктын кереги жок. Тааныштарга, жакындарыңарга мурдуңарды көтөрүп, байлыгыңарга чиренбегиле. Бири-бириңерди сыйлап, ынтымактуу болсоңор - ошол байлык. Бир жылдан соң мага сүйүнчүлөп келесиңер, - деп күлмүңдөп койду.

Анан, мага: «Жазында жамгыр жаап жаткан убакта эшикке чыгып, жүзүмдүн сабагын көлчүккө оонатып суулап алып, аны менен аялыңды «Жер эне кандай төрөсө, сен да мага ошондой балдарды төрөп бер» деп артынан чапкыла», - деди.

Үйгө келип аябай ойлонуп, кеңештик. Балким бул жөн эле айтылган сөзбү дедик. Аялым «айылга кетели» деп туруп алган соң, квартираны батирге берип, машинени сатып, колубузда болгон акчага шаарга жакын айылдан үй сатып алдык. Уй, кой, тоок алып багып, жер иштетүүгө өттүм. Аялым болсо, дүкөндөн туз, шекер, ширенке гана сатып алганы болбосо, баарын өз колубуз менен жасайбыз. Алгачкы айларда жүдөп жүрсөк да, бат эле көнүп кеттик. Баары кемпир айткандай болду. Жыл айланбай аялым кош бойлуу болуп, эгиз төрөдү. Дагы беш жыл турдук айылда. Дагы балалуу болдук. Мына ушул жылы кайра көчүп келдик. Эми байлыкка деле анчалык кызыкпай калдым. Жакындарың жаныңда болуп, үйүңдө балдарың ойноп турса, мындан өткөн байлык жок экен. Ал эми акча деген нерсе - адамдын көөдөнүн көтөрткөнү болбосо, чыныгы бакытты тартуулай албасына көзүм жетти...

Аңдар классташым муздаткычымды оңдоп, бир да тыйын алган жок. Классташтарымдын баарына ысык салам айтып, «жайында айылдагы үйүмө бардыгыңарды алып барып эс алдырып келем. Айылдын чыга беришинде сонун, таптаза көлмө бар, ошого түшөсүңөр» деди ал кетеринде. 

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

Последние новости