www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын ири шаарлары Алматы менен Нур-Султан 19-марттан баштап карантинге алынат. Бул тууралуу казак басылмалары президенттин алдындагы өзгөчө кырдаал режимин камсыздаган мамлекеттик комиссиянын берген маалыматына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, карантин 19-март күнү саат 00:00дөн тарта киргизилет. "Коронавирус Нур-Султан менен Алматы шаарларында катталгандыгына байланыштуу жана вирустун Казакстандын башка аймактарына жайылып кетишин алдын алуу максатында мамлекеттик комиссия кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү чечти. Ага ылайык, Нур-Султан менен Алматы карантинге жабылмай болду", - деп айтылат өкмөттүн сайтында.

Эске сала кетсек бүгүн, 17-мартта эртең менен Казакстанда вируска кабылгандардын саны 13 болчу. Эми ооругандардын жалпы саны тез эле 27ге жетти. Алардын 16сы Нур-Султанда болсо, 11и Алматыда. Кийинки 14 адам коронавирусту кайдан жуктуруп алганы азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости