www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы кыргыз жарандарын Россия мамлекетине убактылуу барбай турууга чакырды. Бул тууралуу аталган кызматтын сайты жазып чыкты.
“Россиянын өкмөтүнүн 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарга Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салган чечимине байланыштуу. Россиядагы мекендештерди коронавирус илдетин жайылтпаш үчүн ал мамлекеттин мыйзамдарын, өтүнүчтөрү менен талаптарын так, туура аткарууга жана сактоого чакырат”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Россиянын өкмөтү 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарга Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салды. Премьер-министр Михаил Мишустин Беларустун, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкмөт башчылары менен сүйлөшүп, жаңы киргизилчү чараларды талкуулаганын орус өкмөтүнүн расмий сайты жазды.
Расмий билдирүүдө мындай чара коронавируска байланыштуу “өлкөдө коопсуздукту камсыз кылып, калктын саламаттыгын сактоо” үчүн көрүлүп жатканы белгиленет.
Кыргыз өкмөтү да чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө киришине бир айлык чектөө киргизүү сунушун талкуулап жатканын вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 17-мартта маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg