www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо медициналык беткаптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Чечим калкты медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 «Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга чейин дүйнөдөгү коронавирустун пандемиясын жарыялаган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун калк үчүн жаңы коронавирус инфекциясынын (2019-nCoV) жайылышына байланыштуу негизги сунуштарынын бири милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg