www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү энергетикалык форумда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров – Орусиянын «РусГидро» ишканасы менен болгон талаш аяктаганын жана ал компания кыргыз энергетиктеринен талап кылган 37 млн долларды кыргыз өкмөтү өзү төлөй турганын билдирди. Нарын дарыясынын башында курула турган төрт ГЭС долбооруна эми башка инвесторлорду чакыра берсе болот.

2012-жылы башталган долбоордун баасы 727 млн доллар болчу, төрт ГЭСтин биринчисинин алгачкы турбинасы 2016-жылы жайында иштей башташ керек эле, бирок 2015-жылдын декабрында президент Атамбаев – Орусия долбоорду бүтүрө албайт деп жарыялаган, орус президентинин жардамчысы Песков болсо анын айтканын жокко чыгарган.

Бирок премьер Темир Сариевдин өкмөтү дароо кагаздарды даярдап, 2016-жылдын 20-январында Жогорку кеңеш келишимди денонсациялаган, «РусГидро» болсо сотко кайрылган. Эгер Кыргызстан эч нерсе кылбай, жөн гана жарым жыл күткөндө, ишке кире турган биринчи турбина иштебей калса, «РусГидро» Кыргызстанды эмес, тескерисинче, Кыргызстан «РусГидрону» сотко бере алмак. Бирок биздин акчабыз ашып-ташып жатпайбы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости