www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ахмад Масуд талибдер менен сүйлөшүүгө макул болду

Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун башчысы Ахмад Масуд "Талибан" кыймылынын жаңжалды тынч жол менен жайгаруу боюнча сүйлөшүү сунушуна макулдук берди. Бул тууралуу Facebook баракчасына жазып чыкканын Рейтер агенттиги кабарлады.

Агенттиктин маалыматы боюнча, талиб күчтөрү Панжширдин борбору Базаракка киргенин жарыялашкан.

"Эгер талибдер дагы Панджшир менен Андарабдагы чабуулдарын жана согуштук аракеттерин токтотсо, туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн “Улуттук каршылык көрсөтүү фронту” согушту токтотууга даяр", - деп билдирди Ахмад Масуд.

Буга чейин ооган маалымат каражаттары ислам аалымдары кеңеши "Талибанды" Панджширдеги согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүгө чакырганын жазып чыгышкан.

Ооганстандын талибдерге каршы акыркы таянычы - Панжшер өрөөнүндө айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланып, ар бир тарап жеңгенин билдирип келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости