www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын башкы санитардык дарыгери 6-сентябрдан тартып коронавируска каршы вакцина албаган адамдардын жумушка келип иштөөсүнө чектөө киргизүүгө уруксат берген токтомго кол койду.

Чектөө ден-соолугуна байланыштуу вакцина сайдырууга болбой турган жана акыркы үч айдын ичинде коронавирус менен ооруп айыккан жарандарга тиешелүү болбойт. Калган эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер жумушка келүү үчүн жумасына бир жолудан ПЧР-тест тапшырып турууга милдеттүү болушат. Мындай анализдин баасы 15 долларды түзөт.

Токтом кызмат көрсөтүү жана соода тармактарындагы дээрлик бардык мекеме-ишканалардын жумушчуларына карата иштейт. Аларга Калкты тейлөө борборлору, почта бөлүмдөрү, банктар, камсыздандыруу уюмдары, акча алмаштыруу жайлары, кыймылсыз мүлк агенттиктери, фитнес-борборлор, сауналар, бассейндер, сулуулук салондору, нотариустар, базарлар, соода үйлөрү, көңүл ачуу жайлары, дүкөндөр, музейлер, китепканалар, театрлар, цирктер, автостанциялар, автобекеттер, аэропорттор, мейманканалар, санаторийлер, дарыканалар, коомдук тамактануу жайлары жана башка объектилер кирет.

19 миллион калкы бар Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери быйыл февралда башталган. 4-сентябрга карата жарыяланган маалыматка ылайык, өлкөдө 5,6 миллион киши толук вакцина алса, 6,7 миллион адам биринчи дозасын сайдырды.

Белгилей кетсек, июндун аягында бийлик иштеп жүргөн казакстандыктар үчүн эмдөөдөн өтүүнү иш жүзүндө милдеттүү кылган. Бул чечимге байланыштуу Жаңы-Өзөн шаарында бир нече нааразылык акциясы өтүп, катышуучулар вакцинадан баш тарткан жарандар жумушсуз калышы мүмкүн деген кооптонууларын айтышкан.

Казакстанда калкты эмдөө үчүн негизинен ата мекендик QazVac жана Караганда шаарында өндүрүлүп жаткан орусиялык "Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат. Мындан тышкары өлкөдө Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн Кытайдын Sinopharm компаниясына таандык Hayat-Vax, кытайлык SinoVac компаниясынын СoronaVac жана орусиялык "Спутник Лайт" вакциналары жактырылган.

Эске салсак, өткөн жумада казак бийлиги октябрда өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жактырган америкалык өндүрүштөгү Pfizer вакцинасы келерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости