www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ахматбек Келдибеков:

Ахматбек Келдибеков өзүнүн басып өткөн саясий жолу тууралуу суроолорго төмөнкүдөй жообун берди:

"Мени саясий ыплас кармаштар чөгөлөткөн жок, кайрадан телчиктирди, тажрыйба арттырды, мурункудан да элге бир сөөмгө жакындатты. Мен сегиз жыл саясаттан тыш болдум. Бүтүндөй мамлекеттик машина менен, мени ак жеринен каралагысы келген, мурдагы бийликтин кара өзгөй саясатчылары менен күрөштүм. Ийилдим, бирок сынбадым. Чалындым, бирок чөгөлөгөн жокмун. Алсыздар гана тулпарды туягынан чаларын, арамзалар арттан бычак саярын аңдадым. Мунун баары мага тажрыйба болду. Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз дегендей, күчтөндүм, бирок алсыраган жокмун. Анткени, мага элим дем-күч берди. Мени менен кошо акыйкатты туу кылып элим турду. Мен ушуга ыраазымын."

Булак: NazarNews.kg

Последние новости