www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 25-сентябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарындагы ӨКМ кызматкерлерине «Тартип жана Ыйман» деген темада өз баяндамасын жасап, аларга дем күч жана руханий байлык катары акыл-насаатын айтуу менен бирге алардын шарият боюнча кызыктырган суроолоруна жооп берди. Бул тууралу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Башка кызматта иштеген адамдар үчүн  5 же 10 минута иш убактысы канчалык маанилүү болсо да, сиздер үчүн 5 же 10 минута адам өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Адам өмүрүн саткап калууда себепчи болгон адам катары эмгектенип жатканыңыздар үчүн шүгүр келтириңиздер. Анткени сиздерге канчалаган үй-бүлөлөр дуба кылып, ыраазы болуп келүүдө»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Иш-чарага Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлү, Жоокерлер Энелери Республикалык комитеттин төрайымы жана ӨКМ кызматкерлери катышты. Иш-чара санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости