www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7 жылдан бери күйөөмдүн богун жууп жашап келем…

Мен жолдошум менен жашаганыма 7 жыл болду. Кетип калайын деп ортодогу баламды ойлойм атасын аябай жакшы көрөт. Ичпесе жакшы эле, ичип алганда төшөктү булгап коет, ичи күнүгө эле өтөт, ичип алганда билбей калабы же кармабайбы билбейм. 7 жылдан бери ушунун богун жууп келем, 2-группадагы инвалид бир айдын он күнүн иштесе 20 күнүн ичип өткөзөт. Бир үйдүн жалгыз баласы оокатка, жок жашынан көндүргөн эмес. Эми баары кеч болуп калганда кайнатам “оокат кылдыртып көндүрбөйсүңбү” дейт. Жаштайынан кылып көнбөгөн эми кылмак беле. Менин 2-күйөөм, жолдошумдун 3-аялы болом, 7 жылдан бери өкүнүч менен жашап келем. Мен өзүм оокатка тың элемин, канатам өз баласын квартирага кууп чыкканына 3 ай болду. Кайненем каза болуп калган, кайнатам өзү деле оокатка жок. Кайненем тирүү кезинде кайнатамдын далай эле жоруктарын айтып берген. Ии анан “мени жакшылап баккыла оозу-мурдума тыгып” деп коет ачка отургансып. Кайненем тирүү кезде “кайнатаң этти мындай туурасын, сабизди андай кылсын деп айтты” дей бергени үчүн да кайненемди жаман көрчүмүн. Кайнатамдын атын жамынбай эле айта бербейби деп ичимен ойлоп коюп айтканындай кыла берчүмүн. Көрсө кайненем кайнатамдын көп нерсесин билгизчү эмес экен да…

Интернет булактарынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости