www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого аттанган партиялар коронавируска каршы санитардык эрежелерди сактабай жатат. Мына ушулардын айынан вируска чалдыккандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт маалында коронавируска каршы Республикалык ыкчам штабдын сунуштары эске алынышы керектигин билдирген. Азырынча бир дагы партияга эскертуү бериле элек жана бул боюнча эч кандай чара көргөн жок.

Өлкөдө бугүнкү күндө СОУГО-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45757, алардын 42005и сакайып, көз жумгандардын саны 1063кө жетти.

Акыркы суткада эле 127 кишиден вирус аныкталды. Бул акыркы эки жумадагы эң жогорку көрсөткуч болду. Ал эми, социалдык блокту тейлеген вице-премьер министр Аида Касымалиева шарактап шайлоонун камын көрүп жүрөт.

Ал бир ай мурда ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп коюп, парламентгик шайлоого катышканы талапкер болуп кеткен. Аида айымды учурда элдин ден-соолугу эмес, шайлоо кызыктырууда.

Мына ушундай адамдар бийликтен кетмейинче өлкө эч качан өнүкпөйт.

Булак: Ачык Саясат 

Последние новости