www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо тынч өтпөсө бийлик күнөөлүү болот!

Парламенттиик шайлоого катышкан партиялардын үгүт иштеринин аяктоосуна он күндүн ары-бериси калды.

Түштүктө партиялар бири-бири менен чабышып, саясий чыңалуу күчөп турат. Минтип отурсак өлкөдө тынчтык болчудай эмес. 4-октябрга чейин бир балээнин үстүнөн чыгышпаса болду.

Саясий чыңалуу октябрда ого бетер күчөйт деген жоромолдор бар. Балким бул шайлоо жокко чыгып да калышы мүмкүн.

Эгер бийлик өз максатына жетүү үчүн өз партияларын күчтөп алып келе турган болсо, өлкөдө чоң чатак чыгып, башаламандык орун алышы толук мүмкүн.

Президент Сооронбай Жээнбеков оппозиция-позиция дебей бардык партиялардын үгүт иштерин тынч өткөрүүсүнө шарт түзүп бериши керек. Оппозициянын парламентке келишине да мүмкүнчүлүк бериш керек.

Бут тосуулардын, кысымдардын арты менен өлкөдө башаламандык баштала турган болсо, буга бийлик гана күнөөлүү болот!

Булак: Ачык Саясат

 

Последние новости