www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бир нече аттуу-баштуу саясатчылар, 17-сентябрь күнү бийликти басып алып, курал-жарак чогултуп жатат", деген Кайрылуу жергиликтүү ММКларга тарап, аты аталган саясатчылар дүрбөлөңгө түштү. “Бурмаланган” Кайрылуу тууралуу, саясатчы Ахматбек Келдибеков пикирин төмөнкүчө билдирди.

--Жогорудагы кайрылууну жазган адамдар сотто көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Антпесе, бул кайрылуу жалган маалымат катары бааланышы керек. Ошондой эле далилсиз каралоолор менен жалпы элге жалган маалымат таркаткан адамдарды жоопко тартуу кажет.

Кыргыз Республикасынын Президенти катары Садыр Жапаровдон 2021-жылдын 14-сентябрында соцтармактарга жана айрым массалык маалымат каражаттарына “И.Исаков, А.Келдибеков, Ж.Жолдошева жана башкалар 17-сентябрда 100 миң адамдарды чогултуп митинг жасап, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маек берип, алардын тарапташтары курал-жарак чогултуп жатат экен” деген акылга сыйбас, элдин тынчтыгына, мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салган жалган маалымат ээлерин жана көшөгө артында турган кожоюндарын ачыкка чыгарып, мыйзам чегинде жазалоону суранам.

Анткени, мен кайрылууга кол койгон айрым адамдар менен сүйлөштүм. Алар кол койгон тексте И.Исаковдун, Ж.Жолдошеванын, А.Келдибековдун аты-жөнү болгон эмес экендигин далилдеп беришти. Ошондуктан бул шайлоо алдында эл ишенимине ээ болбой калабыз деп корккон айрым бир саясий күчтөрдүн арамза ойлорунун жыйынтыгы деп билем. Ошондуктан мындай адамдар сөзсүз түрдө иликтенип жазаланышы керек деп ойлойм.

Анткени, саясат –бул көшөгө артында, аялдардын көлөкөсүнө жашынып алып саясий оппонентерин каралоо эмес, элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин келечеги үчүн кыл чайнашуу. Ошондуктан, эгерде кимдир бирөө бул нерсени жеке өзүнүн эрдиги катары мүнөздөп, эч ким билбейт деп ойлоп жатса чын-чынында ал өзүнүн саясий бечелдиги менен адамдык алсыздыгын гана көрсөтүүдө.

Ал эми коомчулукта жасалма түрдө айгай салгандар, элди бөлүп-жарып, кырдаалдын туруктуулугун буза албайт деп ишенем. Ал эми жалган маалымат шуугулданган алсыз саясатчыларга мамлекет менен элдин кызыкчылыгы жеке дымак менен сезимден өйдө турушу керек деген кеңеш айтам", - дейт Ахматбек Келдибеков.

Эске сала кетсек, кечээ, 14-сентябрда социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровго "бир нече белгилүү саясатчылар куралдуу төңкөрүлүш жасайт экен, чуулгандуу митингди алдын алыңыз", деген Кайрылуу тараган. Кайрылууда Курсан Асанов, Ахматбек Келдибеков, Туйгунаалы Абдраимов, Жылдызкан Жолдошова, Алтынбек Сулайманов, Исмаил Исаков, Жанар Акаев жана башка бир нече белгилүү инсандардын тизмеси жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости