www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Талибан” кыймылы Ооганстанда вице-премьер Абдул Гани Барадар ички уруш учурунда атып өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Мындай билдирүү мурда кыймылдын Доха шаарындагы саясий кеңсесин жетектеп келген Барадар Ооганстанда убактылуу өкмөттүн ичинде бийликти бөлүштүрүү маселесине байланыштуу чыккан чырдын курмандыгы болгону тууралуу сөздөр күчөп турган чакта жасалды.

“Талибандын” өкүлдөрү кыймылдын ичинде эч кандай карама-каршылык жок экенин да айтууда.

Алар жакында Ооганстанда премьер-министрдин орун басары болуп дайындалган Барадар жараат алганы же каза болгону жөнүндөгү маалыматтар жалган экенин, өзү азыр Кандагар шаарында болуп жатканын билдиргенин айтышты.

Барадар соңку бир нече күндөн бери көрүнө электиги да түрдүү жоромол жаратууда. Ал 12-сентябрда Кабулда Катардын тышкы иштер министри менен жолугушууга катышкан жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости