www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖКтин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков өзү туулуп өскөн Алай эли менен жолугушту. Жолугушууда Ахматбек Келдибековду “Ата-Журт” саясый партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, ЖКтин депутаты Улугбек Ормонов, ЖКтин 5-чакырылышынын вице-спикери Надира Нарматовалар коштоп барышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алай элинин жергиликтүү тургундары Ахматбек Келдибековго, ак калпак кийгизип, ак чепкен жаап, ак боз ат мингизип, алдыдагы боло турган президенттик шайлоого ак жол каалап, ак сакалдуу аталар Ак батасын беришти.

Ахматбек Келдибековдун кезектеги жолугушуусу Ош шаарында өтүп, жүздөн ашуун жаштар бирикмесинин лидерлери менен жолукту. Жолугушууда кезектеги пландар тулкууланды.

«Менин жеке оюмда Ахматбек Келдибеков президент болууга татыктуу инсан! Алайда өткөн хандардын тукуму. Мамлекеттик бардык кызматтарда иштеген: экономика, социалдык коргоо жана эмгек министри кызматын аркалаган. Депутаттык да тажрыйбасы мол. Мамлекетти спикер болуп башкарып турган. Анын үстүнө каны таза Алайлык кыргыз. Неге болбосун?! Мен дагы Келдибековду колдоймун! “, - дейт Жаштар комитетинин катарын толуктаган Алтынай Арстанбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости