www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мезгилде жаш аткаруучулардын катарын толуктап, элге таанылып калган ырчылар Бекнур менен Аксаамай учурда Питер шаарында эмгектенип, мигрант болуп калышыптыр. Түгөйлөр 2015-жылы күз айларында баш кошушкан. Бул тууралуу Бекнур: “Аксаамай экөөбүздүн үй-бүлөлүк жашообуз абдан жакшы. Алдыга койгон көп пландарыбыз бар.

Аларга бирге жетебиз деген ниеттемин. Экөөбүздү интернет тааныштырган. Социалдык тармактардын бирине абдан көп олтуруп, ал жерден досторду чукулап олтуруп бир сулууга көзүм түшүп калган. Ага кат жазып, көңүлүн алып олтуруп таанышып, достошуп, гастролдорго чогуу чыгып, бир сахнада ырдап, андан соң кыз-жигит болуп алганбыз. Экөөбүз бири-бирибизди көпкө сынап, андан кийин турмуш курдук” деп бөлүшкөн.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости