www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы улуттук мекенчил күчтөрүнүн биримдигинин (КУМКБ) 2017- жылдын 28-апрелинде өткөн Уюмдашуу жыйынында түзүлгөн Туруктуу Элдик Кеңештин демилгеси жана коомчулуктун колдоосу менен, КРнын Баш мыйзамынын 52-беренесине жана элибиздин тарыхый салтына таянып, 2017-жылдын 23-май күнү Бишкек шаарында өткөрүлгөн Республикалык Улуттук 1- Курултайдайдын делегаттары жана чакырылган коноктор күн тартибиндеги- Элдик Курултай институтун КРнын Конституциясына көзөмөлдөөчү жана багыт берүүчү ыйгарым укугу менен киргизүү; Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү паспортунда улутун ачык, так жазуу маселелерин  талкуулап, баяндамада жана жарыш сөздөрдө айтылган ой-сунуштарды эске алуу менен кабыл алынган

 № 01   ЧЕЧИМ:

  1. КУМКБнын Туруктуу Элдик Кеңеши тарабынын даярдалган Элдик Курултай институтун мамлекеттик бийликти багыттоочу жана көзөмөлдөөчү, өзүн-өзү башкарган көз карандысыз өлкөдөгү эң жогорку саясий коомдук уюм катары КР конституциясынын экинчи беренесинин экинчи пунктуна киргизүү жана 52-беренеге өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору жактырылсын жана ал 2017-жылдын 28-июнуна чейин аткаруу үчүн дагы бир жолу КРнын Жогорку Кеңешине жиберилсин. 2. КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 Токтому менен киргизилип жаткан жаңы паспорттун үлгүсү, түпкүлүгүндө кыргыз улутунун улут катары өнүгүшүнө каршы жана КРнын Конституциясынын 20-беренесинин 2, 3 жана 5 пунктарында, 32-беренеде бекитилип, мыйзамдар жана башка укуктук-ченемдик актылар менен чектелбей турган адам укуктары экендигине карабай, КРнын Өкмөтү тарабынан бузулгандыгы үчүн КРнын Өкмөтүнүн бул Токтомун тез арада жокко чыгаруу Жогорку Кеңештен талап кылынсын. 3. Эгерде Жогорку Кеңеш ушул Курултайдын чечиминин 1 жана 2 пунктарындагы чечимдерди 2017-жылдын 28-июнуна чейин аткарбаса анда КУМКБга Конституция жана мыйзамдарда бекитилген укуктардын негизинде Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу талабы менен чыгуу, ар кандай акцияларды уюштуруп чечкиндүү кадамдарга баруу  иштери тапшырылсын. 4. Республикалык Улуттук Курултай КРнын  Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө бул улут тагдырына тиешелүү 2 маселени ыйык Орозо айы ичи дагы бир жолу терең изилдеп, туура чечим кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берет. Эгерде бул талаптар 2017-жылдын 28-июнуна чейин аткарылбаса, Кыргызстандагы улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги –КУМКБ өзүн расмий түрдө азыркы бийликке оппозициялык күч катары жарыялайт. 5. Республикалык Улуттук Курултайдын ушул чечимдерин турмушка ашыруу КУМКБ түзгөн Туруктуу Элдик Кеңешке жүктөлүп, ага бийлик жана башка саясий күчтөр менен сүйлөшүү, КРнын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келбеген иш-аракеттерди, акцияларды уюштуруу укугу берилсин. Республикалык Улуттук Курултайдын бул № 01  Чечими   Кыргызстандын  баардык  аймактарынан  шайланып келишкен делегаттар жана чакырылган коноктор тарабынан  бир добуштан кабыл алынды. 

Кыргызстандагы Улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдиги (КУМКБ)  уюштурган  Улуттук Курултайдын чечимдери

Кыргызстандагы улуттук мекенчил күчтөрүнүн биримдигинин (КУМКБ) 2017- жылдын 28-апрелинде өткөн Уюмдашуу жыйынында түзүлгөн Туруктуу Элдик Кеңештин демилгеси жана коомчулуктун колдоосу менен, КРнын Баш мыйзамынын 52-беренесине жана элибиздин тарыхый салтына таянып, 2017-жылдын 23-май күнү Бишкек шаарында өткөрүлгөн Республикалык Улуттук 1- Курултайдайдын делегаттары жана чакырылган коноктор күн тартибиндеги- Элдик Курултай институтун КРнын Конституциясына көзөмөлдөөчү жана багыт берүүчү ыйгарым укугу менен киргизүү; Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү паспортунда улутун ачык, так жазуу маселелеринен   сырткары саясий куугунтуктар, жер-суу байлыктары, люстрация, корруппция, кадр, социалдык маселелер боюнча  айтылган ой-сунуштарды  эске алуу менен кабыл алынган

№ 02  ЧЕЧИМ:

1.Акыркы учурларда Кыргызстанда  коррупция менен күрөшүү, саясий опоненттер менен күрөшүүгө  айланып бараткандыктан, саясий куугунтуктар токтотулуп, алардын үстүнөн сот иштери ачык жүргүзүлсүн. Сот процесстери тергөө органдары тарабынан таңуулангандай  “совершенно секретно” грифи менен эмес, мыйзам чегинде ачык жүргүзүлсүн.

2.Баткен, Талас, Жалал-Абад ж.б облустарда чет элдиктер тарабынан казылып жаткан кен-байлыктар боюнча  маалыматтар жергиликтүү элге ачык айтылып, жеңил желпи жең ичинен лицзенция берүү токтотулсун.

3.Курултай институтун мыйзамдаштыруу аркылуу бийлик бутактарына жаңы, таза, билимдүү, адискөй адамдардын келишине тийиштүү шарттар түзүлүп, табихый жол менен люстрация процессинин ачык айкын жүрүшүнө Туруктуу Элдик Кеңеш салым кошсун.

4.Мамлекеттик коопсуздукту сактоонун эң негизги кепилдиги болгон идеологиялык  маселелер иретке салынып,   билим-тарбия, руханий тазалануу иштери  колго алынсын.

5.Сөз эркиндигине  бийлик тарабынан  кысым көрсөтүлүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланган, өздөрүн “коомдук” аташкан   КТРК, ЭЛТР каналдары элдин мүдөөсүн калыс чагылдыруунун ордуна, бийликтин кызыкчылыгын коргогон куралга айлангандыгы, улуттук кызыкчылыкка  каршы келген ишмердүүлүк катары баалансын.

Улуттук Курултайдын бул № 02  Чечими  облустук  курултайларда жана  Кыргызстандын  баардык  аймактарынан  шайланып келишкен делегаттар жана чакырылган коноктор  катышкан  Республикалык жыйындын жүрүшүндө  жарыш сөздөрдө  айтылган ойлор, кагаз жүзүндө келип түшкөн сунуштар жумушчу топ тарабынан иретке салынып, Курултайдын чечимине ылайык кабыл алынды.

                                                     Бишкек ш, Кожомкул атындагы спорт ордосу,  23-май, 2017-жыл

Булак: NazarNews.kg

Последние новости