www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өкүлү, элчи Никки Хейли Түркияга сириялык конокторго берген жардамдарынан улам ыраазы экендерин айтты.

Никки Хейли 8 миң 63 сириялык жашап жаткан Хатайдын Алтынөзү районундагы Бойнуйогуну убактылуу баш калкалоо борборун зыярат кылды. Баш калкалоо борборунун ичиндеги саламаттык сактоо борборунда иликтөөлөрдү жүргүзгөн Хейли бала бакчаны зыярат кылып, сириялык окуучуларга берилген мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алды.

Иликтөөлөрдө баш калкалоо борборундагы сириялык изилдөөчү командасы менен да жолугушкан Хейли Түрк Кызылайынын балдар достук хорунун мүчөлөрү жана баш калкалоо борборундагы ишкана ээлери менен бир канча убакыт маектешти.

Бойнуйогун убактылуу баш калкалоо борборунун турмуш шарттарынын жана берилген мүмкүнчүлүктөрдүн абдан жакшы экендигин белгилеген Хейли : «Түркиянын сириялык конокторго берген жардамдарынан ыраазыбыз, түрк калкына рахмат»,- деди.

Айыл өкмөтү Бүлент Уйгур да Хейлинин сапарынан улам ыраазычылыгын билдирип, сириялык балдар тарткан сүрөттөрдү, Хейли жана тышкы иштер министрлигинин орун басары элчи Жихад Эргинайга тапшырды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости