www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы. Джолдубаевага

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри У.Ж. Исраиловге

Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы

А.К. Сегизбаевге

Кыргыз улуттук-мекенчил күчтөрүнүн биримдигинин демилгеси менен 2017-жылдын 17-майында өлкөбүздүн баардык региондорунда, 23-майда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда КР Конституциясынын 52 – беренесине ылайык элдик курултайлар делегаттык тартибинде өткөрүлдү. Күн тартибинде эки маселе, биринчиси КР Конституциясынын 2-б. жана 52-б. элдик  курултай институтун мамлекеттик бийликти багыттоочу жана көзөмөлдөөчү саясий-коомдук уюм катары киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоо болсо, экинчиси 2017-жылдын үлгүсүндөгү жаңы киргизилип жаткан паспорттон алынып жаткан «улуту» деген графа боюнча элдин пикирин билүү болду.

23-майдагы курултайга КР Президенти, Жогорку Кеңешитин депутаттары жана сиздер да расмий чакырылгансыздар. Тилекке каршы бир дагы чиновник катышкан жок.

Сиздерди курултайга чакыруунун максаты курултайчылар тарабынын мыйзам бузуучулук, экстремистик, сеператистик же башка мыйзамсыз чакырыктар болбой турганын өз көзүңүздөр менен көрүп, угуп, анан элдин өкүлдөрүнүн үнүн угушса деген аруу тилек болгон.

Элдик курултайларды өткөрүүдө айрым региондорду(Ош, Нарын) кошпогондо, жергиликтүү бийлик тарабынан активдүү бут тосуулар болгон жок. 23-майдагы курултайда Бишкек шаарынын мериясы, ички иштер башкармалыгы тарабынан, курултайды тынч өткөрүүгө көмөк көрсөтүлдү. Курултайдын атынан аларга ыраазычылык билдиребиз.

Ошону менен бирге спорт ордосунда өткөрүлгөн Улуттук курултайда айрым адамдар аркылуу курултайды үзгүлтүккө учуратуу, башка маселелерди аралаштыруу (саясий куугунтуктар маселесин көтөрүү ж.б.) аракеттер болду, биз ага жол бербедик. Бирок делегаттарга, чыккан дареги, ээси, баскан типографиясы жазылбаган улуттук-мекенчил күчтөр биримдигинин айрым лидерлерин коомчулукка жек көрсөтүү, элдик курултай идеясында бириккен уюмду бөлүп-жаруу максатындагы атайын даярдалган гезит-баракча таркатылды (тиркелет). Гезит баракчада караланган А. Бекназаров, А. Келдибеков, А. Мадумаров, К. Ташиев, Р. Жээнбеков, К. Дүйшебаев, Т. Акун ж.б. мындай ушак жалаанын нечендерин ондогон жылдардан бери баштарынан өткөрүп келет, алардын ким экендигин элибиз жакшы билишет. Болгону азыр Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы саясатчылыр эмес, КР Президентин сындап койгон жөнөкөй журналистердин чөнтөк телефон, гезит-журнал башка интернет сайттарынан бери көзөмөлдөп турган Улуттук коопсуздук кызматы эмне үчүн мындай мыйзамсыз чыккан гезит- баракчаны чыгарып жиберди, көзөмөлдөгөн жок. Эмне дегенде гезит-баракчада КР Конституциясында бекитилген, кепилденген адамдын жеке аброю, жашоосу, менчигине ачыктан ачык шек келтирилип жатпайбы?

Элдик курултай институтун мамлекеттик бийликти багыттоочу жана көзөмөлдөөчү саясий-коомдук уюм катары Конституциялык деңгээлде статус берүу идеясын көтөрүү бул кылмыш эмес, тескерисинче элдин аң-сезимин көтөрүү, эл менен бийликтин ажырымын жакындатуу коомубузду коррупциядан жана руханий тазаланууга шарт түзүү, укуктук, демократиялык өлкө курууга умтулүү.

Биз Кыргызстан Улуттук-мекенчил күчтөр биримдигинин туруктуу элдик кеңеши сизден урматтуу Абдил Кеңешович, жогоруда аталган баракчаны ким, кайсыл типографиядан, канча санда, эмне максатта чыгарганын аныктап берүу учүн расмий кайрылбыз.

Улутубуздун эртеңкиси, өлкөбүздүн келечеги үчүн деп, азыркы бийликке сунуш кылынган идеяга бириккен саясатчыларды жеке жек көрүү, алардан шектенуу, күмөнсүрөө, чочулоо, алдыга коюлуп, ал эми сунуш кылынган идея экенчи орунда калып жатат. Өлкөнун, элдин биримдиги, ынтымагы үчүн душманы менен да сүйлөшүү бул улуулук, айкөлдүк, акылмандуулук.

Кайрылууга мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө расмий жооп берүүнү өтүнөбүз.

Сиздерди Урматоо менен

ТЭКтин төрагасы                                                                                     А. Бекназаров

 

Последние новости