www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Саламатсызбы Ахматбек Келдибекович, акыркы күндөрү  атыңызга айтылган ар кандай каралоо башталды. Сиздин пикириңиз?

-Ар ким ар нерсе деп, опасыз дүйнөдөн олжо күтүп, катаал турмушта кимди гана ары-бери калчаса ага кайыл болуп, жашырынып алып, жамандыгын айтып турса, көтөрөсүң көтөрбөшкө чара жок. Аларга да кудай ыйман-ынсап берсин. Болгону жакшылыктан үмүт үзбөш керек. Бир гана нерсе, биз Кыргыз элинин көкүрөгүнө түйүлүп турган көйгөйлүү маселени, адамдын “адамдыгын” аныктаган, жашоонун жакшы сырын ача турган нерселерди алып чыгышыбыз керек.

Адамдын байлыгы, дөөлөтү же бактысы, каралоосу, даңктоосу менен жалган дүйнөдөн качып кете албайсың же баарбыз тирек болуп калбайбыз. Убагы менен ар бир нерсе өз жолуна түшөт. Албетте, жашоодо даңгыр, түз жол жок. Ошол жолдордун “кыл көпүрөсүндө” ачуу, таттуу, куйкалаган ысыгы, кара суугу, кыскасы оор сыноолор, чыдап-чыдабаган, чыгып –чыга албаган бел ашуулар жатат.

Ага карабастан, баардыгына - жашоонун жакшысына, жаманына кайыл болуп, адилеттиккти бекем тутуп, жакшылыкка жетүүгө болот. Каралоо, мактоо, даңктоо, көрө албастык кылымдардын далдаасында келе жаткан көрүнүш. “Айтты, деди” дегендерге көңүл бура берсек болбойт го дейм.

Анткени каралоо бүгүн эле чыга калган жок да, кылымдардан бери уланып келе жатат, уланып кете берет. Ошондуктан жараткандын гана ырайымына ишенип, адамдарды кадырлоону уланта берсек. Баары убактылуу нерсе, бүгүнкү касың эртең дос болуп, досуң душман болуп калышы мүмкүн.

Эң негизгиси кыргыз элибиз тынч болсун, элибиз аман болсун, эл бар, биз барбыз! Ар бир кыргыздын үйүнө тынччылык каалаймын. Ошол эле учурда мени каралагандарга дагы Жараткан жакшылык берсин.

-Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости