www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүйүнчү!: Сүйүнчү пул төлөнмөй болду

Шайлоо алдындагы убадаланын бири аткарылып, ар бир туулган балага сүйүнчү пул төлөнө турган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзамга ылайык, жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга мамлекет эсебинен бир жолу төрт миң сом сүйүнчү пул төлөнөт.

Мындан сырткары үч жашка чейинки балдарга ай сайын берүүчү жөлөк пулду белгилөө жана ал үчүн үй-бүлө кирешесин эсепке албоо талаптары коюлган. Бул сунуштар “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоорго киргизилди.

Мындан тышкары баланы үч жашка чейин жөлөк пул менен камсыздап, аны чегерүүдө ата-эненин кирешеси эсепке алынбасын деген да талаптар камтылган. Эгер мыйзам күчүнө кирсе жөлөкпул үчүн бюджеттен кошумча 1,8 млрд сом керек болот.

Эске салсак, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ушул тапта айына 800 сом алышат. Кыргызстанда аз камсыз болгондугу үчүн жөлөк пул 90 миңге жакын үй-бүлөгө же 279 миң балага берилет. Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, үй-бүлө кирешесин эсепке албастан бардык балдарга бирдей жөлөк пул төлөнөт.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости