www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип алгачкы  карлыгачтар ажолук тактыны самап учуп чыгышты. Биринчилерден болуп Назарбек Нышановдун документтери БШКга келип түштү. Андан кийин Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Рита Карасартовалардын кагаздары тийиштүү жерден орун алды. Ал эми Өмүрбек Текебаевдин  тарапташтары берген документтердин тагдыры кандай болору белгисиз. Калган талапкер болом дегендер катуу ойлонуп жаткандай. Капыл-тапылынан кадимки Назарбек Нышановго кезигип эртеңки пландары тууралуу алым-сабак кеп козгодук. Эмесе ошондон бир үзүмүн окуп койгула?

- Сен өтө уникалдуу жүрүштөрүң аркылуу элди таң калтырып келесиң.Капчыгыңда акчаң жок, атайын уюшулган штабың туруп кантип ажолукка талапкерлигиңди коркпой кое салдың?

-Эмне олигархтар, чириген байлар эле өлкөнү башкарышы керекпи? Ооба, азыр акчалуулардын заманы болгону ырас. Бирок, элдин аң-сезими баштагыдан ойгонуп калды. Эгерде мени колдоп көпчүлүк добуш беришсе кыргыз өлкөсү утушка ээ болмок. Анткени мен карапайым элдин кантип жашап жатканын жакындан билем. Демек, президент болсом оболу жай турмуштагы элдин жашоосун байлардыкына теңештирүүгө аракет жасамакмын.

-Талапкерлердин баары эле элге айды, күндү алдыңарга алып келип берем деп убада берерин билебиз да? Эми ток этер суроо берейин, бир миллион күрөөнү кантип таап бересиң?

-Жоктун жону катуу дечи? Антсе да менин ачкан эсебиме мага кайдыгер эместер акчасын аябай салат деп ишенем. Ага чейин ыктыярдуу адамдарды каттоодон өткөрүп ишти алдыга жылдыра берем. Менин ишеничим жөнөкөй эле жарандарда. Жамбыл болсо жарамазанды базарларда ырдап жүрүп дөндөйүп алды. Ким билет, балким ал акчасын короткусу келбей талапкерликке барбайт чыгар? Эмнеси болсо да мен акырына чейин күрөшөм.

  Ж. Сулайманов.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости