www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көздүү мончок жерде калбайт

Көздүү мончок жерде калбайт.  Дээринде бар экен жооптуу ишти улантып кетти

Эл керегине жарап, элине кызмат кылган, төбөсү көрүнгөн эр жигиттин артында сөзсүз андан өтсө өткөн, бирок кем калбаган аялзаты турары турган иш. Баяман Эркинбаев спортсмен, депутат катары, бизнесмендик ишмердиги, легендага айланган өмүрү элге кеңири белгилүү. Тилекке кашы өмүрү күтүүсүз жерден үзүлсө да, анын жасаган иштери үзүлбөй уланып келатат. Көп учурда жакшы эрге жакшы аял туш келбей аксап калгандар болот. Бул жагынан Баямандын багы бар экен. Анткени өзү эр жигиттин арасынан чанда чыкчу чыгаан болсо, алганы өзүнө жарашкан эстүү да, билимдүү да, ишкер да жар болгону бери болгондо Баямандын багы десек, болбоду дегенде "ах, мага да ушундай аял туш болсо не" деп тамшангыдай түгөйлөр эле.

Минтип айтып жатканыбыздын төркүнү мында: элден, аларды жакындан билгендердин айтуусуна караганда Чолпондун аты али белгисиз, элге тааныла элек мезгилде, Баямандын Баяман болуп турган кезиндеги эмгеги чоң дешет. Өзү орус тилдүү, жогорку билимдүү, зирек, кругозору кенен аялзаты болгондуктан, күйөөсүнүн колуна кол, бутуна бут болуп, ага жар болуп, уул-кыз төрөп, үй тиричилигин жөнгө салгандан башка да, Баямандын депутаттык ишине да көмөктөш болгон. Үйдө отуруп, кечке чейин теледен дүйнөдө кандай жаңылыктар болуп жатат, кандай эл аралык саясый окуялар, ага карата кандай комментарийлер берилип жатат, ошол эле учурда кыргыз теле-радиолору аркылуу кандай маалыматтар берилгенин, элдин пикири кандай, деги койчу, мына ушундай маалыматтарды  күндө кечинде айтып берип, депутат өмүрлүк жолдошунун саясый ишмердигине чоң көмөктөш болуп турган дешет. "Окутуп жатып окуйм, үйрөтүп жатып үйрөнөм" дегендей, жарынын жардамчысы болуп жүрүп, байкалбай  депутаттыкка өзүн даяр кадр кылып даярдап койгон турбайбы. Эмнеге даяр болсоң, ошол нерсе өзү келет деген теориянын практикада реалдуу көрүнүшү Чолпон Султанбекованын турмушунда болду. Айрымдар ойлогондой байлык менен байланыш болсо эле баардык нерсе боло бербейт, эгерде адамдын ичинде идиреги болбосо. Ичинде идирек менен угуту бар адам гана ошол байлыкты да, байланышты да туура жолго салып, майнаптуу ишке пайдалана алат. Сырттан караган адамга бирөөнүн турмушу сыдыргыга салгандай, өзүнөн-өзү, баары асмандан түшкөндөй көрүнөт, а ичине үңүлүп карасаң ошол ийгиликтин артында канча түйшүк турат. Жолдошун жоготкон оор трагедияны көтөрүү, артында калган ишин жөндөп кетүү, балдарына эне да, ата да болуп бел байлоо анча-мынча мууну бош адамдын колунан келчү иш эмес.

Жолдошунун жанында ага жардамдаш болуп жүрүп топтогон турмуштук чоң тажрыйбасын учуру келгенде туура пайдаланып, Баямандын бизнесин да, спортту колдогон коомдук ишин жана депутаттык саясый ишин да канчалык оор кыйынчылыгына, тоскоолдуктарына карабай улантып кетти. Оомат да, ийгилик да жашоонун ур-токмогуна туруштук берип, аны жеңе алган, эрки күчтүү адамдарга келет. Чолпон Аалыевна да мына ошол ийгиликтерди жараткан ооматтуу инсандардын катарында. Учурда  өтө жоопкерчиликтүү ишти аркалап жаткан кези. Элдин социалдык абалын ичтен иликтеп, көйгөйлөрдүн өз учурунда чечилиши үчүн болгон аракеттер менен иш жүрүп жатканына күбө болуудабыз.

Депутаттык ишмердиги, элге кылган эмгеги жөнүндө учуру келгенде кененирээк сөз кылаарбыз, биз азыр кыска гана элге эмгеги сиңген, түбөлүк аты өчпөй элдин эсинде калган эр жигит, жигит кезинде көзү ачык кеткен, эл уулу Баямандын ишин жерге калтырбай улап, ишин өлтүрбөй, атын өчүрбөй келаткан жакшы жар экени жөнүндө гана  азыноолак  жалпы сөз кылдык.

Акырында айтаарыбыз, кыргыз кыздарына таандык асыл сапаттарды улантып келаткан Чолпон кызыбыздын ишине ийгиликтерди каалап, көптөгөн жакшы иштердин аткарылышына салымын кошот деп ишенебиз!

    З. Ажыматова

Булак: “Ачык сөз”

Последние новости