www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Элдин уулу болом деген адам ар дайым элдин сынында. Ал эми элдин иши эрдин мойнунда, же эр эмгегин эл унутпайт дешет. Элдин сынында жүрѳсүз, элдин колдоосуна ээ болгон учурларыңызды эстей аласызбы?

-- Саясатчы үчүн элдин сыны күзгү деп билем. Бирок баарына жагуу мүмкүн эмес. Ал эми сенин дарегиңе айтылып жаткан сында чындыктын үлүшү болсо, андан сѳзсүз жыйынтык чыгаруу керек. Жѳн гана далилсиз, жалган жалаа менен каралоо болсо андай кѳрѳ албас, ушакчылардын деңгээлине түшүү кажет эмес.

Эл мени эки жолу Жогорку Кеңештеги ѳкүлү кылып шайлашты. Ошол учурда акча, бийлик, мансап менен элдин добушун алууга мүмкүн болсо, мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланмак эмес элем. Бул элимдин мага болгон зор ишеними, колдоосу деп билем.

Ал эми жалган жалаанын курмандыгы болуп, башыма оор күн түшүп турганда, элим мага таяныч, тирек болуп жалгыз таштаган жок. Мен ушуга сыймыктанам. Калкымдын колдоосу менин душмандарымдын ичин күйгүзгѳн бийик жеңишим болчу деп ишенимдүү айта алам.

-- Биздин мамлекет үчүн президенттик-парламенттик башкаруу системасы ѳз жемишин берип жатат деп ойлойсузбу?

- Ѳз жемишин берип жатат деп айта албайм. Себеп дегенде биз күчтүү президенттик башкарууну да кѳргѳнбүз. Президенттик-парламенттик башкарууга да күбѳ болуудабыз. Бирок, президенттик же парламенттик башкарууга ѳтѳбүз деген менен, бул маселенин түпкү маңызын түшүнбѳй жатабыз. Эгерде биз күчтүү президенттик башкарууну курабыз десек, анда күчтүү парламенттик системаны да түптѳшүбүз керек. Мисалы, ошол эле айрым саясатчылар айтып жаткан Американын башкаруу системасын алып кѳрѳлү. Аларда президенттик башкаруу, бирок ѳлкѳ башчысынын ѳзүм билемдигине жол бербеген АКШ Конгрессин, анын ичинде Сенатты алсыз деп айтууга мүмкүнбү? Жок. Ооба, биз дагы башкалардан үлгү алмайын ѳнүгѳ албайбыз, бирок ошол эле мезгилде алардын тажрыйбасы бизге даяр рецепт болуп бербейт. Биз канткен күндѳ да ѳзүбүздүн тарыхый, маданий уңгубуздан, улуттук наркыбыздан танбашыбыз керек.

Анткени азыркы ѳнүгүү «сели», технопрогресс улуттагы улуттук ѳзгѳчѳлүктү жоюп баратканы ѳтѳ опурталдуу тенденция. Ошол үчүн биз руханий турмушта гана эмес, мамлекеттик моделдин ѳзүндѳ да улуттук ѳзгѳчѳлүгүбүздү сактап калышыбыз кажет. Ошондой эле ѳнүгүүнүн шартында биз нукура цивилизацияга кошула турган жолду, ѳзүбүздү-ѳзүбүз жоготуп албаган жолду тандашыбыз абзел. Эң башкысы, улуттук ѳзгѳчѳлүктү сактоо менен дүйнѳлүк ѳнүгүү багытына ыкташыбыз зарыл. Мына ошондо ѳз жолубуздан, багытыбыздан адашпайбыз деп ойлойм. Биз кѳѳнѳ тарыхы, бай руханий маданияты бар улутпуз. Биздин алмустактан ѳзүбүздүн үрп-адат, каада-салтыбызга негизделген башкаруу системабыз болуп келген.

Ошондуктан президенттик дейбизби, парламенттик дейбизби, же президенттик-парламенттик дейбизби, биз ѳзүбүздүн башкаруу системабызды бүгүнкү күндүн талабына ыңгайлаштырып иштеп чыгышыбыз керек. Анткени ѳзѳгү элибиздин үрп-адат, каада-салтына камтылган система гана бизди бул туңгуюктан алып чыга алат деп ойлойм.

-- Парламенттик-президенттик башкарууда чоң роль ойногон партиялык тизме кадр саясатын кыйроого алып келип жаткан жокпу?

-- Бүгүнкү күндѳ бир округ, партиялык тизме менен шайланып келген парламент ѳз натыйжасын бере албай жатканына баарыбыз күбѳбүз. Же калппы! Парламент деген сѳздүн түпкү маңызын чечмелей албаган адамдар депутат болуп жатат. Эң ѳкүнүчтүүсү, мамлекеттик түзүлүштѳн түшүнүгү жок, мамлекеттин тышкы саясаты менен ички саясаттын айырмалай албагандар деле, бир күн мамлекеттик кызматта иштебей туруп, бир аз акча таап депутаттык мандатты сатып алса болот деген ойлор барган сайын коомчулукка сиңип бара жаткандай.

Эл ичинде акчалуу адамдар добуш сатып алып, эл ѳкүлү болсо боло берет экен деген түшүнүк пайда болууда. Биз мындан таза шайлоо менен гана кутула алабыз деп ишенем.

Ошондой эле капчыктууларды да экиге бѳлүп кароо туура болот деп ойлойм. Биринчиси, бир чоң компания түзүп, элди иш менен камсыз кылып, ѳлкѳнүн ѳнүгүшүнѳ ѳбѳлгѳ түзүп жаткан ишкерлер. Алар мамлекеттик система, экономикалык мыйзамдар боюнча түшүнүгү бар адамдар. Буларды капчыктуулар саясатка аралашып жатат, же парламентке келди деп сындоо туура эмес деп эсептейм. Анткени, канчалык сындабайлы, алар бир нерсени жаратып, ѳлкѳ казынасына ѳз салымдарын кошуп жатышат.

Ал эми алыпсатарлык менен, же күмѳндүү байыгандар мамлекеттик системага түшүнбѳйт. Биз бул нерсени коркпой эле айтышыбыз керек. Анткени, “мамлекет” деген өтө татаал механизм. Шайланган адам мамлекеттик саясаттын түпкү маңызын билбесе, тажрыйбасы болбосо, кантип, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселелерди чечип, саясат жүргүзѳ алат? - дейт коомдук ишмер Ахматбек Келдибеков "Жетиген" журналына берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости