www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас районундагы Ү. Өмүралиев айыл өкмөтүндө 2010-жылдан бери иштеп келген "Манас" интернат-лицейи ушул эле райондогу Көк-Ой айыл өкмөтүндөгү Таш-Төбө орто мектебине 2018-2019-жылында көчүп барган. Келээри менен эле айыл элинин, эки мектепттин окуучулары менен мугалимдеринин ортосу ыр менен чырга айланды. Жагдайды Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети талкуулап, башка имаратка көчүрүлсүн деген маанайда токтом кабыл алган. Бирок токтомду аткара кое турган борбордогу өкмөт, анын куйругу болгон областтагы өкүлчүлүктүн интеллектуалдык да, иш билгилик да чама-чаркы чектелүү. Бизде баягы эле "Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт" деген жагдай. Эки элди эриктирбеген, бир элди бириктирбеген, күлү бир жерге додо болбой, "аягы суюк аялдай болгон" бул лицейдин төркүн-төшү ким, тийип чыккан күйөөлөрү ким - ушулар жөнүндө айтып берели.

Президентибиз журналисттерден "факты бергиле" деп сурап жатпайбы. Берели, бирок "толк" чыгаарына ишеним аз. Ошентсе да "үмүттүн шооласы үзүлбөйт" деп, фактыларды берип туралычы. Бул президенттен "толк" чыкпаса, кийинкисинен чыгаар... Эң башкысы - эл билсин.

Жаман иттин аты Бөрүбасар болуп, ырынан чыры көп бул лицейдин аталышы - "Манас". Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жөндөмдүү балдарынын багын ачалы деп атын жакшы эле ниет менен коюшкандыр. Бирок "напси", "нысап", "алкым" дегенди түбү тектүүлөр, пейили токтор, бардарчылыкты көтөрө билгендер гана тыйып жүрө албаса, "Эл мугалими" наамын алдым деп эдирендеп алган адам тыя албай калат тура.

Лицейди 1991-ж. түптөгөндөрдүн бири Кенжалы Орозалиев чогуу түптөшкөн Жаныш Жанузаков досу экөө ушул лицейдин айынан досчулукка түкүрүшүп, ит менен мышыкча ырылдашып жүрүшкөнүн Таластын мугалимдер жана сот чөйрөсү жакшы билет. Ошентип ырылдашып жүрүп К.Орозалиев оо дүйнөгө сапар алды.

"Эл мугалими" наамына татыган Ж.Жанузаков Таласта ушундай наамга татыган экинин бири болуп чыга келди. Эки достун ырылдашканына деле макул (доспуз дегендердин интермедиясы ушул экөөндө эле болуп жатыптырбы), "Эл мугалими" наамын алганына деле макул. Маселе - "Манас" лицейинин күлү бир жерге эмне үчүн додо болбой жатканына, барган жеринде эмне үчүн ызы-чуу чыгаарына жакындан үңүлөлү.

"Факты бергиле" деп сурагандарга калп болбойлу деп "Манас" лицейи жөнүндө кеңири маалымат сурап, Билим берүү жана илим министри К.Исаковго 20.12.2019-ж. №73 сандуу кат менен кайрылсак, министрдин орун басары Н.Джусупбекова 9.01.2020-ж. жооп кат жөнөтүптүр. Конвертти ачсак, дагы бир жолу тактап коелучу деп биз тапкан фактылардын бирөөнө да ынанарлык жооп жок. Анын ордуна Талас усулдук билим берүү борборуна лицейдин ал убакта дарыланып жүргөн директорунун колу коюлбай жөнөткөн билдирүүсүнүн көчүрмөсүн салып жиберишиптир. Муну ишке илең-салаң мамиле дейбизби же Министрлик чынында эле өз ишиндеги коррупциялык былыктарды жаап-жашырып жатат дейбизби?

Орустар айтмакчы, скорее всего, экинчиси го. Анткени "эл мугалимин" эки жолу "үйлөнткөн" дал ушул Министрлик болуп жатпайбы?! Факты бергиле деп жатасызбы, мына анда.

Лицей 1991-ж. негизделген деген факты бар, бирок аны ким, каерде негиздеди, лицензия же сертификатты ким, качан берген, каерде иштеп баштаган - бул суроолорго жоопту сөзсүз эле сот процессинде эмес, атайы кат менен кайрылдык -журналисттерге деле жазып беришсе болмок. Бирок бербей коюшту.

Ал эми биздин колдо болгон маалыматка караганда, Талас районундагы "Манас" колхозу 1992-ж. жоюлуп, дыйкан чарба бирикмеси болуп уюшулат да, колхоздун бала бакчасынын бош калган имаратына "жылына 10 миң сом ижара акы төлөйбүз" деген келишим менен лицей көчүп келген. Ал ортодо дыйкан чарба бирикмеси салык, соцфондго карызы өсүп, көйгөй жаралат да, 1999-ж. бакчанын имаратын колхозго көп жыл эмгек сиңирген, кийин айыл өкмөт башчы болуп иштеген Ж.Адыракаевге жалпы элдик чогулушта 300 миң сомго сатылсын деген токтом чыгарышып, имарат менчик колго өтөт. 1992-жылдан 1999-ж. чейин дыйкан чарба бирикмесине жана 1999-ж. 2007-ж. чейин менчик ээси Ж.Адыракаевге ижара акы төлөө кандай болгондугун бир Кудай, анан Ж.Жанузаков өзү билет.

Ал жылдар А.Акаевдин да, анын шопуру Рыспек Шаршеналиевдин да гүлдөгөн доору эмес беле. Лицейдин директору Ж.Жанузаков менен шопур Р. Шаршеналиев бир айылдан, мамилеси да ушул убакка чейин "5" дешет. Ортодо гүлдөгөн доор алмашып, 27.08.2007-ж. акты түзүлүп, сентябрь, октябрь, ноябрга деп 50 миң сом ижара акы төлөп баштайт. Декабрдын суугунда жылытуу системасы бузулду деп, трансформатор баш болгон көп нерселер тонолуп, лицей райондун борбору Көк-Ой айылында бош турган райондук оорукананын имаратына көчүп кетет. "Отурган кыз ордун табат" болуп, өз айылындагы бакчанын имаратына 15 жылдай отуруп калган инновациялык деген лицейди ыңгайлары жок хирургия бөлүмүйүн имаратына көчүрүп кетүүгө эмне зарылчылык туулду экен? Директор үчүн таланттуу окуучулардын жылуу орунда татыктуу билим алуусу маанилүү болуш керек эле да?

Ижара акыны, балдардын тамак-ашын, айлык акыны, башка зарыл чыгымдарды республикалык бюджет каржылап жатса, окуучулардьш ата-энелери да азык-түлүк, акча түрүндө төлөп жатса - бакчанын салкын багында асманга түкүрүп коюп жата берсе, анын мышыгын эч ким "мыш" демек эмес. Демек жылуу орундан козголууга жүйөөлүү себептерди тергөөчүлөр менен сот таппаса, биз - журналисттер аларды факты кылып алдыңызга тартуулай албайбыз. Ал иш журналисттин милдети эмес. Ошентип оорукананын имаратында "оорукчан лицей" болуп 3 жылча окуу-тарбия иштерин илең-салаң илгерилеткен соң Д.Усенов деген дагы бир таластык өкмөт башчы 2.02.2010-ж. №57 токтом токуп, лицейди Манас айылында жайгашкан Щ.Жумагулов атындагы орто мектепке "үйлөнтөт". 

Үйлөнтөт дегенибиз- лицей менен орто мектепти бириктирип коет. Токтомдо ал минтип жазылуу:

"Создать на базе Таласского интернат-лицея "Манас" для одаренных детей из малоо беспеченных семей и средней школы имени Шабданбека Жумагулова, расположенного в селе Манас Омуралиевского аильного округа Таласского района Таласской области, Манасский интернат-лицей для одаренных детей из малообеспеченных семей имени Шабданбека Жумагулова."

Ошентип лицей жаңы имараттуу болуп, анын директору Ж.Жанузаков эки тизгин, бир чылбырды колго алып, өз айылында дагы деле асманга түкүрүп, таланттуу балдардын талантын ого бетер ташкындатып, иштей берсе жарашмак. Бирок андай болбоду. Ортодон сегиз жыл өтүп, лицей экинчи жолу райондун борбору

Көк-Ой айылына кайта "качып" барды. Бул жолу оорукананын бош турган имаратына эмес, Таш-Төбө орто мектебинин үстүнө кирип барды. Көчөдө калган эркекти акчалуу аял киргизип алгандай эле болду. Лицей жылуу ордунан эмнеге экинчи жолу чыга качты? Бул боюнча фактыларды кийинки макалада берели. Азыр болсо лицейди Таш-Тебө орто мектебине ким "үйлөнттү" - ошол жеңелердин аты-жөнүн айта кетели. Карамагындагы орто мектепти талаптагыдай күтө албаган Көк-Ой айыл өкмөтү айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары менен акылдашып, натыйжада 25.06.2018-ж. өткөн 19-кеңешмеси "Манас" лицейин Таш-Төбө орто мектебине көчүп келүүсүнө макул берген токтом кабыл алат. Ушул токтомду негиз кылып, Билим берүү жана илим министрлигинин стат-катчысы Ж. Ташиев 5.09.2018-жылы "көчүрүү 10-сентябрдан 1-октябрга чейин жүргүлсүн" деп №1122,1 сандуу буйрук чыгарат. Ушул буйруктун 4-пунктунда минтип жазылат:

"Көк-Ой айылына көчүрүлгөн "Манас" лицей-интернаты менен Манас айылында ордунда калган мектепке жана К.Момункулов атындагы Таш-Төбө орто мектебине биринчи кол коюу укугу менен директор болуп Ж.Б.Жанузаков дайындалсын, экинчи кол коюу укугу менен башкы эсепчиликке А.Омукеева дайындалсын." Демек бул - Ж.Жанузаков 3 мектепке директор болот деген кеп да. "Эл мугалимин" эркелетип эки эмес, үч аял алып бергиси келген стат-катчы Ж.Ташиевдин "жеңелик өнөрүнө" баракелде дегиче болбой, ошол эле стат-катчы 15 күн өтүп-өтпөй 20.09.2018-ж. башка буйрук чыгара салат да, ушул 4-пунктун жокко чыгарат. Буйруктарды министрди аттап өтүп шашылыш чыгара салуу, кайра кетирген каталарын оңдой салуу - бул министрликте коррупция гүлдөп-тамырлануунун жеткен чегинде экендигинен кабар берет. Президент С. Жээнбеков коомчулуктун катуу сынына туш болуп, коррупцияны жоюуга аракет кылып жатканына карабастан, жемкорлук бул министрликте да бажыдан кем эмес балалап-чайлап алыптыр.

Жең ичинен сүйлөшүлүп, министрди аттап өтүп жазылган бул буйрукту көтөрүп алып Ж. Жанузаков Көк-Ой айыл өкмөтүнө барат. "Эл мугалимине" жетеленип алган айылдык депутаттар 3.10.2018-ж. сессияга шапа-шупа чогула калышат да кезектеги №20 токтомду токуп, колуна кармата салышат. Анын 1-пунктунда минтип жазылып турат:

"К.Момункулов атындагы орто мектебинин имараты муниципадцык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүлүп жана 17006,86 кв.м жер участогу мөөнөтсүз берилсин".

Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттары кетирген каталарын кеч да болсо түшүнгөн окшойт, 17.12.2019-ж. №27 токтом кабыл алышты. Үч пункттан турган, бирок спикери кол коюудан качып жүргөн ал токтомдун ток этер жери минтип жазылат:

"Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттардын 8-чакырылышынын 25.06.2018,-ж. он тогузунчу жана 3.10.2018-ж. жыйырманчы кеңешмесинин токтому элдин талабынын негизинде жокко чыгарылсын, КР билим берүү жана илим министрлигине маалымат берилсин."

(Бирок мыйзамсыз чыгарылган токтомун депутаттар өздөрү эмес, укук коргоо органдары жокко чыгарышы керек. Ошол документтин негизинде Министрликтин стат-катчысынын буйругу жараксыз болуп табылышы абзел. Лицей менен Манас айылында жайгашкан Ш.Жумагулов атындагы орто мектепти бириктирген өкмөттүн 2.02.2010-ж. №57 токтому жокко чыгарьшбай туруп, жаңы мектепке көчүрүүгө негиз болгон буйрук чыгаргандыгы үчүн стат-катчы Ж.Ташиевдин кызматтык абалын ашыра пайдалангандыгы боюнча жоопкерчилиги каралса, президент коюп жаткан талаптардын аткарылышы ишке ашкан болоор эле.)

"Эл мугалими" деген жогорку наам алган Ж.Жанузаков башкарган лицейге эмдиги жылы 30 жыл толот. Өз имараты жок, төртүнчү жолу көчүп-конуп, анын эки жолкусунда эки мектептин үстүнө кирип басып алганында бир мандем бар сыяктуу. Ушул ж.б. фактыларды эске алганда, бул лицей аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн таланттуу балдарына билим берүү максатын көздөбөй эле, ошолордун аркасы менен Бишкектен үй сатып алып, кымбат баалуу унаа минип, өзөн толгон өгүз-бука, жылга толгон жылкы-кой бактырууну көздөп иштейт окшойт деген бүдөмүк ой жаратат.

P.S. Лицейдеги мугалимдердин айлыктарынан жеп-ичүүлөр, көчүп барган имараттарды реконструкциялоо, оңдоо иштерине мугалимдерди катыштырып, алардын эмгек акысын бербей коюу, подрядчы уюмдар менен макулдашып алып, курулуш материалдарын сугунуп алуу, окуучулардын саны боюнча көз боемоочу отчеттордун берилип келиши, бир окуучу кыздын асынып өлүп калышы, "Билайн" компаниясынын каражаттарын сиңирип алуу боюнча милиция, прокуратура, сот органдарынын териштирүүлөрү туурасында кийинки макалабызда сөз кылабыз.​​​​​​

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости