www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиядан Казакстанга келген эки жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдун сөзүнө таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, коронавирус менен ооруган эки жаран бейтапканага жаткырылган. "Биз үч айдан бери бул вируска каршы болгон аракеттерди көрүп келе жатабыз. Бирок бүгүн казакстандык эки жарандын жуктуруп алганы аныкталды. Алар Германиядан келишкен экен", — деди министр.

Ал эми бүгүн, 13-мартта Кыргызстандын саламаттык саактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок экенин айтты. “Коронавирусту эч ким жашыра албайт, эгер бир адам жашыруун түрдө пайда болсо деле башкаларга жукмак. Мен ишендирип айта алам, Кыргызстанда коронавирус жок,-деди Космосбек Чолпонбаев.

Ошону менен бирге : “198 өлкөнүн ичинен 117 мамлекетте вирус катталды. Бирок муну жашыруу же жашырбоо бул орунсуз суроо. Бизде илдет жок болсо, кубанышыбыз керек. Демек, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат”,-деп айты ал.

Эске сала кетсек, Кытайда 13-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 932 адам жабыркаса, 50 миң 318 жаран сакайып, 3015 адам каза болду. Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус 3 ай ичинде эле 114 мамлекетке тарап, жуктургандардын саны 128 миң 343 адамга жетти. Каза болгондордун саны 4720га жетсе, айыккандардын саны 68 миң 324 адамды түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости