www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Ахматбек Келдибекович, КСДП мүчөлөрү “туура эмес иштердин баардыгын экс-президент жана партияга жүктөп, бизге саясый куугунтук болууда” деп, Билдирүү таратты. Сиздин пикириңиз?

--КСДП жазган арызын окудум. Билдирүүдө бүгүнкү күндөгү бийликти күнөөлөгөн. Алар, “КСДПнын мүчөлөрүнө, экс-президентке кылмыш иши козголуп, саясый куугунтук болуп жатат” деп, жазышкан. Мен, ошол КСДПнын политсоветине суроо бергим келет... “Ата-журт” саясый партиясынын 16 кишисине кылмыш иши козголуп жатканда каякта жүрдүңөр эле? Иштин баардыгын уюштуруп, мыйзамды, Конституцияны, конституциялык мыйзамды тебелеп, бизди куугунтуктаганда алар кайда жүрдү эле? Булардын баардыгын уюштурган башында турган, жетекчиси менен тескери жеңишке жеткендер ушулар эмес беле? Бүгүн асмандан түшө калдыбы? Ошол мезгилде Башкы прокурор болуп кызматта турганда мыйзамды тебелеп-тепсеген, кызматтык абалын тыкыр пайдаланган айым кайда жүрдү эле? Менин айтаарым бүгүнкү козголуп жаткан кылмыш иштердин баардыгы ачык-айкын айтылып, элге жеткенден кийин гана тергөө жүргүзүлүп жатат. Алар шүгүрчүлүк келтирсин. Анткени баардыгына бул бийлик ырайымдуу жана адамгерчиликтүү болуп, кээ бир адамдарды максат түрмөгө тыгыш эмес, максат ошолордун күнөөсүн далилдеш үчүн түрмөгө тыкпай туруп, суракка алып жатат.

Андыктан КСДПнын Билдирүүсүндөгү айткандары суу кечпеген нерсе. КСДП бийликте турганда, мыйзамдан, элден коркпой, “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендин жыйынтыгынын жемиши ушундай болуп чыкты. Бир нерсени баса белгилеп айткым келет, ошол мезгилде бийликке ишенип, мыйзамды ар кайсы жака калчаган Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова менен Бишкектеги район аралык соттун судьясы Айдарбек Алымкулов бийликтин айтканын түздөн-түз аткарган соттор болгон. Алар түшүнсө Жогорку Кеңеште бийликке кызмат кылгандыгынын жыйынтыгын көрдү. Эл өкүлдөрүнүн добушу менен тизмеден сүрүлүп чыкты. Бул көрүнүш элдик депуттардын, элдин атынан берген добуштун сотторго болгон, элдин баасы десек болот.

--Ушул аптадагы Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү Сизди канаатандырбы?

--Мен аларды жакындан билген адам катары айтайын, Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлигин койгон Бишкектеги район аралык соттун судьясы Айдарбек Алымкулов бийликтин ар кандай саясый  “заказдарын” так аткарып жүргөн. Район аралык сотто өзүмдүн ишим боюнча катышканмын. Алымкулов, мыйзамды тебелеп тепсеген. Баардык чындыкты угуп туруп, аягында Ак үй кандай буйрук берсе, ошондой чечим чыгарган. Ал эми Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцовага келсек, бул сот кызмат абалынан пайдаланып, кыргыздын канчалаган тың чыкма жигиттерин камап, “бийликтин айтканын аткара беремин” деп, каалаганын калчап келген. Алсак, мага өкүм чыгарып жатканда, ошол кездеги Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жумашевага атайын барып, сүйлөшүү жүргүзүп, андан кийин гана мага Ак үй жазып берген даярдалган өкүмдү окуп бергенин көпчүлүк билет.

Ошондуктан, мыйзамсыз иштери эбегейсиз көп болгон Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцованын Жогорку Кеңештеги 91 депутат анын талапкерлигине каршы добуш бергени ага чоң минус болду. Азыр Воронцова шаардык сотто, сот болуп олтурганга моралдык укугу жок деп эсптеймин.

--Жогорку Соттун судьялыгына Нургул Бакирова, ЖК дупаттарынын колдоосу менен 82 добуш менен өттү. Бул айым дагы кийин бийликтин буйругун аткарбайбы?

--Чын дилимден ишенгим келет. Себеби, Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Соттун судьялыгына койгон беш талапкерге абдан ачуу сындарды айтты. Эми калганы шайланган соттордун адамгерчилигинде, ыйманында, ички дүйнөсүндө, эң башкысы мыйзамды сактаганында болуп эсептелет. Президент Сооронбай Жээнбеков, соттор менен болгон жыйынында сотторго: Сот — адамдар адилеттик издеген акыркы инстанция, судьялар Кудай алдында да, өз абийринин алдында да өтө таза, акыйкат инсандар болушу керек», - деп айтты. Бул, сотторго болгон алдын-ала кагылган коңгуроо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости