www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ жакында эле Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы болуп дайындалган Оңолбеков бул кызматка келээри менен эл өкүлдөрүнүн сынына кабылды. ЖКнын кечээ өткөн жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев Бажы кызматындагы кадрдык башаламандыкка коомчулуктун көңүлүн бурду. Анда кызматка келгенине бир ай болбой жатып кадрларды оңду-солду калчап, жакпагандарды кызматынан төмөндөтүп, андан ары иштен алып, системанын аброюн төмөңдөтүп жатканын айтты.
Ал кадр маселелер өзүнчө, ал эми иишкерлерден мурункудай транзиттик төлөмдөр деген шылтоо менен ар бир фурадан 2000 доллардан чогултуп жатканы боюнча керек болсо жакында видео тасмаларды интернетке чыгараарын кошумчалады. Бажы тармагында иштеген кызматкерлер болсо «Райым миллиондун» системасы кайтып келгенин кеп кылышып, мурда ишинен ар кандай себептер менен кеткен «Райым миллиондун» адамдары кайрадан чечүүчү кызмаггарга келе баштаганьш каңкуулашууда.
Булак: "Фабула"