www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темир Сариевдин бүгүнкү Курултайына “үчилтик” деп аталган Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков конок катары катышкан соң социалдык тармактарда “Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев, Темир Сариев  менен бирикти”, - деп талкууга түштү.

Курултайга  чакырылган эки үлкөн Сариевдин Курултайына конок катары гана келишкен. Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдун атаандашына азаматтык кылып ак жол каалаганы жакшы жышаан. Темир Сариевдин Курултайына конок катары  катышкан  Ахматбек Келдибеков:

-Саясатта бири-бирине колдоо көрсөтүп барып койсо эле “бирикти” деген сөздөн алыс болуу керек. Темир Сариев бизди мейман катары чакырды, барып катыштык. Ар бир саясатчы бири-бирине ак жол каалап, колдош керек. Кыргызда урмат-сый деген бар. Айрымдардын Темир Сариев менен “бирикти” деген сөздөр чындыкка дал келбейт, - деген пикирин билдирди.

Айрым ММКлар  “үчилтиктин” экөө Темир Сариевди менен бирикти деген маалымат жазып чыгышты. Мындай сөздү “үчилтиктин” бири Ахматбек Келдибеков четке какты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости