www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карасанатайлыктын жеткен чеги

Оппозициядагы «Ата Мекен» партиясы камактагы жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүү ниетин билдирген.

Учурда Текебаевдин үстүнөн сот жараяны активдүү жүрүп жатат. Ошондуктан, «Ата Мекендин» лидеринин талапкер катары каттайбы деген суроо ачык бойдон калууда. Оппозициячыл саясатчынын тарапкерлери бийлик ишти тездик менен бүткөрүп, Текебаевге карата сот өкүмүн чыгарууну көздөп жатканын айтып келишет. Эгер Текебаевди айыптаган сот өкүмү чыгып калса, шайлоого талапкер болууга мыйзам жол бербейт.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова мындай жол менен Текебаевди президенттикке талапкер катары каттатпоо аракети көрүлүп жатат деген пикирин айтты:

— Сот өтө тездик менен мыйзам бузуулар коштолуп өтүп жатат. Мунун бир гана максаты бар. Алар Текебаевди президенттикке талапкер катары каттатпоону көздөшүүдө. Бул мыйзамга каршы келет.

Жалилов Шамил

Булак: NazarNews.kg

Последние новости